Домой Коом Атамбаевдин Батукаев боюнча иши Биринчи май райондук сотуна келип түштү. Ишти судья...

Атамбаевдин Батукаев боюнча иши Биринчи май райондук сотуна келип түштү. Ишти судья Мирлан Термечиков карайт.

468

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата буга чейин чыккан өкүмдү жокко чыгаруу боюнча иш Биринчи май райондук сотуна келип түштү. 

Ишти Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуудагы коррупция маселеси боюнча ишти караган судья Мирлан Термечиков карайт.

Бирок соттук отурум кайсы күнгө белгиленери азырынча айтылган жок.

Жогорку сот мурдагы өкүм жана чечимдердин барын жокко чыгарып, ишти 30-ноябрда райондук сотко жиберген.  Ушул эле күнү жактоочу Замир Жоошев  Атамбаевди абактан бошотуу боюнча райондук сотко кайрылуу жиберген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата бир адамдын өмүрүн алган Кой-Таш окуялары боюнча дагы бир соттук иштер аягына чыкпай келет.

булакү: reporter.kg