Домой Саясат Малабаевдин “маңкасы” агат го!

Малабаевдин “маңкасы” агат го!

115

Аргынбек МалабаевТранспорт жана байланыш министрлигинин мурунку жетекчиси Аргынбек Малабаевдин прокуратура, милийса-силийса кызыга турган “маанилүү” иштери арбын экендиги жакында эле жарыяланды. Ал “Кыргыз темир жолу” ишканасын башкарып турганда “Локомотив” аттуу эс алуучу жайды курдурат. Куруу үчүн тендер уюштурулбайт. Малабаев өзүм билемдик менен ишканага караган “Мостотряд” фирмасына берилген чыгым да аябагандай жогорулатылган, керексиз имараттар да курулган. Сөз кыскасы, бул курулуштан ондогон миллион сом жеп-ичилген. Жүз жылга чейин жетип берет деген курулуш жыл айланбай ремонтту талап кылган. Ошондо ремонтко деп акча бөлүнө баштаган экен: 2014-жылы 8 миллион, 2015-жылы 9 миллион. Бирок, аталган суммадагы акча түп орду менен жок болгон экен. Айтор, аталган иш далай “чуу” менен улана турган болду…