Коомчулукта абройлуу, саясий гезиттердин сап башында турган Азия News гезити саясатчылардын салмагын эксперттердин элегине салып көргөн. Сурамжылоого өз пикирин билдирген активисттер, коомдук ишмерлер, журналисттер саясатчылар өз баасын беришкен. Албетте, тизменин башында президент Садыр Жапаров 161 добуш менен болсо, бийликтин туткунунда жаткан «TURAN» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов 157 добуш менен экинчи орунга чыккан. Бул менен эмнени айтсак болот, Жеңиш Молдокматовдун абройу күн санап өсүүдө. Анткени бийликтин кемчилигин ачык айтып, чындык үчүн күрөшкөнүн далили. Калк айтса калп айтпайт. Элдин пикири абдан маанилүү..
Азия News гезити ар тармактын өкүлдөрүнө кайрылып, аткаминерлердин жана коомдук ишмерлердин саясий салмагын билүү үчүн сурамжылоосун улантып келет. Натыйжада калыс пикирге таянуу менен эл көзүндөгү 40 инсандын беделин аныктап берген. Рейтингти аныктоо ай сайын жүргүзүлүп турат. Биз аталган гезитке чыккан саясий салмактын 15- орунга чейинкисин гана сунуштайбыз жана эң акыркы орунда турган бедели түшкөн саясатчылар Талант Мамытов, Асылбек Жээнбеков, Акылбек Жапаров экенин айта кетели.
Салмагы текшерилген саясатчылар:
1. С.Жапаров 161
2. Ж.Молдокматов 157
3. Ж.Жолдошова 154
4. А.Атамбаев 152
5. К.Ташиев 150
6. Э.Сатыбалдиев 148
7. Р.Жээнбеков 146
8. Ш.Абдыкеримов 144
9. Т. Абдраимов 142
10. Ө. Текебаев 140
11. Р.Момбеков 137
12. Р. Матраимов 135
13. А. Шыкмаматов 133
14. Т. Сариев 131
15. К. Зулушев 129
Саясатчыларга саясий баа бергендер:
1. Э. Кулуева, журналист
2. Гүлжан Шерипбаева, журналист
3. Игорь Шестаков, саясий эксперт
4. Шайырбек Абдырахман, журналист
5. Назгуль Мамытова, журналист
6. Аманбол Бабакулов, активист ж.блар катышкан.