— Биз алп манасчы Сагымбай атабыздын 150 жылдык мааракесин өткөрүү иш-чарасына бир топ убакыттан бери даярдыктарды көрдүк. Негизи маараке өткөн жылы өтүшү керек эле. Бирок Сагымбай атабызга эстелик-күмбөз салуу иш-чарасы толук бүтпөй калды, ошон үчүн быйылкыга жылдырылган. Ал күмбөздү курууга КРнын Президентинин фондусунан 4 миллион сом бөлүнгөн. Тендер өткөндөн кийин, “Бейшенбай” курулуш ЖЧКсы 3,5 млн. сомго курулуш ишин толук бүткөрдү. Быйыл өкмөттөн 6-августта мааракени белгилөө боюнча буйрук чыккан. Ошол буйруктун негизинде мааракени мамлекеттик деңгээлде өткөрүү боюнча чоң даярдыктар июль айында башталган. Мааракеде күндүз ат оюндары, кечкисин маданий иш-чаралар өткөрүлмөкчү. Жалпы чыгымды бир нече миллион сом деп эсептеп жатабыз. Кудай буйруса, бул акча Кочкор элинен, “Кочкор коомунан” чогулуп жатат. Ошондой эле биздин Бишкек шаарында иштеп жүргөн белдүү агаларыбыз, инилерибиз колунан келишинче, ыктыярдуу түрдө демөөрчүлүк кылып жатышат. Айрымдарын айта кетели, коомдук ишмерлер: Айгүл Рыскулова, Бейшенбек Иманалиев, Дүйшөн Ирсалиев баштаган бир топ инсандарыбыз өз салымдарын кошуп жатышат.
Кудай буйруса, жалпысынан 60-65 боз үй тигели деп жатабыз. Анын ичинде хан ордо да болот. Конокторубуз абдан эле көп болот деп турабыз. Жалпы кыргыз бийлигинин өкүлдөрүнөн, эл аралык уюмдардан, маданият өкүлдөрүнөн ардактуу конокторду чакырып жатабыз. Ошондой эле жети дубандан келебиз деген каалоочулардын баарын да чакырабыз. Кудай буйруса, өкмөт –башчыбыз бул иш-чаранын башында турат десек да болот.
Негизи биз Сагымбай атабыздай алп манасчыларды даңазалоого милдеттүүбүз! Атабыздын бизге калтырып кеткен ыйык мурасы “Манасты” жаш муундарга да талапка ылайык жеткиришибиз керек. Мына ушул жагы да эске алынып, орто мектептерде Сагымбай атабыз тууралуу “Манас таануу” сыяктуу атайын иш-чаралар өткөрүлөт. 2015-жылы Улуттук илимдер академиясы демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Сагымбай атабыздын энциклопедиясын чыгарышкан. Мына ошол энциклопедияны толуктап кайра да чыгаруу маселесин колго алалы деп жатабыз. Кыскасы, атабыздын мааракеси той менен эле бүтүп калбайт, агартуу, маданий багыттагы даңазалоо иштери мындан ары да токтолбой жүрө бермекчи.
Домой Маек Нурлан Керимкулов, Кочкор районунун акими: Сагымбай атабыздын энциклопедиясын толуктап кайра чыгарабыз