Домой Коом Бишкек ШИИББ: Рейддик иш-чаралар өткөрүлөт

Бишкек ШИИББ: Рейддик иш-чаралар өткөрүлөт

155

Акыркы күндөрү адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары катталып, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин одоно бузган айдоочулар көп, байкалгандыктан, Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу, наркотикалык заттар менен же мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо, ошондой эле авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, же унаага жана айдоочуга тийешелүү документтери жок айдаган айдоочуларды аныктоо, ошону менен бирге мындан башка да адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруп, одоно жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата атайын чоң маштабта рейдтик иш-чаралар өткөрүлөт.
Бул рейдтик иш чара Бишкек шаарынын аймагындагы баардык 4 районундун белгилүү көчөлөрүндө авто унааларды катары менен токтотуп текшерүү менен коштолот.
Андыктан жалпы айдоочуларга алдын ала эскертүү менен бирге, жол кыймылынын эрежелерин бузбоого чакырабыз.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы