Домой Саясат “LIGLASSTRADINGCZ, SRO” компаниясы кепилдик акыны тɵлɵбɵгɵн деген маалымат чындыкка дал келбейт

“LIGLASSTRADINGCZ, SRO” компаниясы кепилдик акыны тɵлɵбɵгɵн деген маалымат чындыкка дал келбейт

54

viagra american express canada. 0001

Кыргыз  Республикасынын ɵнɵр-жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети кээ бир маалымат каражаттарына жарыяланган 10 гидроэлектростанцияны курууга ɵткɵрүлгɵн тендердин жеңүүчүсү  чехиялык  “LIGLASSTRADING CZ, SRO” компаниясынын кепилдик акыны тɵлɵбɵгɵндүгү боюнча маалыматты жокко чыгарат.Тилекке каршы,  кырдаалды курчутуу жана долбоорду  үзгүлтүккɵ учуратуу максатында туура эмес, жалган маалыматтарды атайылап  таркатуу аракети жүрүп жатканын ɵкүнүү менен белгилеп кеткибиз келет.КРнын  ɵнɵр-жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети мындай чындыкка коошпогон, негизсиз  маалыматтарга  таянып, коомчулуктун  башын айландырбоого  чакырат.Мамлекеттик комитет  дагы бир жолу бардык кызыкдар тараптар менен конструктивдүү маанайда  кызматташууга даяр экендигин билдирет.Кепилдик  тɵлɵм  жɵнүндɵ айтсак. Чакан ГЭСтерди курууга ɵткɵрүлгɵн тендердин шарттарына ылайык, катышуучу-компаниялар  кепилдик акыны тɵлɵп, анын тɵлɵнгɵндүгүн тастыктаган документти бериши зарыл. Кепилдик тɵлɵм тендерге катышуудагы милдеттүү шарт болуп эсептелип, аны тендердин бардык катышуучулары  жумушчу органдын, тагыраагы, комитеттин депозиттик эсебине которушат.

“LIGLASSTRADINGCZ, SRO” компаниясы кепилдик акыны тɵлɵгɵн, аны тастыктаган документ, республикалык бюджеттин депозиттик каражаттарынын эсебинен алынган кɵчүрмɵ бар. Каржы министрлиги тарабынан берилген бул документ  кепилдик акынын  тɵлɵнгɵнүн ырастайт.Мында кɵрүнүп тургандай,  чехиялык “LIGLASSTRADINGCZ, SRO» компаниясынын тендерге катышуу үчүн кепилдик акыны тɵлɵбɵгɵн деген маалымат чындыкка дал келбейт.Компания 1 млн. 147 миң 719 доллар ɵлчɵмүндɵгү  кепилдик акыны жана тендерге катышуу үчүн чогултулчу 2 млн. сомду да (10 кичи ГЭСтин ар бири  үчүн  200 миң сомдон) тɵлɵгɵн.