Домой Саясат Бийлик убадаларын эсинен чыгарып шойкомдуу жолду тандап алды…

Бийлик убадаларын эсинен чыгарып шойкомдуу жолду тандап алды…

241

Кечээ көргөн бүгүн жок болуп коомчулук президент Сооронбай Жээнбековдун акыркы саясий жүрүштөрүнөн “акылы айран” болуп турат. Өзгөчө, шайлоодо Жээнбековдун президент болуусуна бүткүл дараметин жумшагандар, бүгүн ак үйдүн “ короосунан” тыш калды. А түгүл бир канчаларына кылмыш иштерин козгоого да жетиши.

1032168907

Окуялардын мындай өңүттө уланарын эч ким ойлогон эмес. Шайлоо учурунда Жээнбековдун маалымат майданынын “жоокерлери”, негизги талапкерлердин бир Бабановду жеткен шылуун катары мүнөздөп келишкен. Бирок, иш жүзүндө Сооронбай Жээнбеков Бабановдон ашып түшкөн шылуун экенин көргөздү.

“Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде” демекчи, ал кезде эч ким Жээнбековдордун тез эле “бет кабы” сыйрылып кадимки канкор Бакиевдердин үй-бүлөлүк- кландык башкаруусун кайрадан “тирилтет” деп ойлогон эмес.

Жээнбековдор-Матраимовдор кланы бийликке келгенине 5 айдын гана жүзү болгону менен баардык жогорку кызматтарга жогоруда аталган кланга кандайдыр бир илинчеги бар адамдарды дайындоого жетишти. Эми алар элге кызмат кылууга эмес, өздөрүн бийликке алып келген адамдарга “кыңк этпей” кызмат кылары айтпаса да түшүнүктүү.

Шайлоонун алдындагы убадалар эми эч убакта аткарылбайт экенинен карапайым калк да күн өткөн сайын көзү жетип жаткандай.

КСДПнын атынан чыккан Сооронбай Жээнбеков, “Атамбаевдин жолун жолдойм, баштаган иштерин улантам”- деген убада менен жеңишке жетишкен. Көпчүлүк адамдар ага Атамбаевдин мураскери болгону үчүн гана добуш беришкен эле.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланганда да анын алдында эки жол турган. Биринчиси убадасына туруп үй-бүлөлүк башкарууга жол бербестен, Атамбаев баштап кеткен бир топ долбоорлорду ишке ашырып өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп тарыхта калуу. Экинчиси качкын президенттердин жолуна түшүп үй-бүлөлүк башкарууга жол берүү.

Тилекке каршы, Жээнбеков элге берген убадасынан тайып, жакын санаалаштарын сатып өзүн бийликке алып келгендерди душман кылып экинчи жолду тандап алды. Бийликтин өткөндөн сабак албаганы өтө өкүнүчтүү .