Домой Ден-соолук Ѳкмѳт жол коопсуздугун чечүүгѳ батыл киришти

Ѳкмѳт жол коопсуздугун чечүүгѳ батыл киришти

99

           SAB_7379

  viagra competition. Жол коопсуздугу – унаа көбөйгөн заманда кайсы өлкө болбосун башкы кѳйгѳйлѳрдүн бири. Кыргызстанда да бул маселе курч. Жол кырсыктарынын кесепетинен жаш балдардын жабыркап, атүгүл, мерт болгону учурлары бар. Мына ушул маселе премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында ѳткѳн ѳкмөттүн мектептердин жол инфраструктурасын оңдоо боюнча маселелерди караган жумушчу жыйынында талкууланып, тиешелүү мекеменин жетекчилерине мурда коюлган тапшырмаларды убагында аткаруу тапшырмасы коюлду. Атап айтканда, жаңы окуу жылы башталганча жол коопсуздук инфраструктурасын жакшыртуу иши башталат.

Белгилүү болгондой окуу жылы башталаары менен мектеп окуучуларынын саны өлкөнүн жолдорунда кескин көбөйөт. Ошондуктан азыртадан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу абдан маанилүү экенин ѳкмѳт башчысы баса белгиледи. Балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жаңы окуу жылы башталгыча жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу жана тиешелүү белгилерин тартуу боюнча иштер башталат”,- деген Сооронбай Жээнбеков буга чейин өлкөнүн жол жээгинде жайгашкан 537 мектептин жанында жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу боюнча жумуштарды төрт этапта аткаруу  тапшырмасын бергенин эскертти.

Маселен, биринчи этапда 2017-жылдын 20-августуна чейин 99 мектептин жол инфраструктурасын жакшыртуу пландаштырылган. Бул жумуштар толугу менен 2018-жылдын 1-январына чейин бүткөрүлмөкчү.  Демек, ушул жылы бардык  жол жээгинде жайгашкан мектептердин тушуна светофорлор орнотулуп, башка жол коопсуздугу чаралары ишке ашырылат.  Баарыдан мурда бул ишке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуунун да мааниси зор.

     SAB_7398Жыйын жүрүшүндѳ транспорт жана унаа жолдор министри Жамшитбек Калилов бул максатта Жол чарбачылыгы департаментинин титулдук тизмесинде 12 млн. 430 миң сом каралганын маалымдады. Анын айтымында, жөө жүргүнчүлөр белгилерин атайын термопластик менен тартышат.

         Мектептердин жол инфраструктурасын жакшыртуу жумушунун жүрүшү жөнүндө ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери Албек Ибраимов жана Айтмамат Кадырбаев дагы маалымат беришти.

       SAB_7412-200x100  Премьер-министр күн мурун көчөлөрдө орнотулган атайын фото-видео жабдыктар аркылуу катталган жол эрежелерин бузгандардын административдик айып пулдарынан түшкөн каражаттын 50 пайызын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерине которуу боюнча токтомго кол койгондугун билдирди. Бул чара бүт өлкө боюнча фото-видео каттоо системасын киргизүүнү тездетет жана муну менен айдоочулардын тартибин, жолдордогу коопсуздукту кыйла жогорулатат.