generic viagra 50 mg cheap for sale.
Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өтүп жаткан Коргоо Кеңешинин жыйынында сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын ишин кароодо президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын коопсуздугуна камкордук көрүшү керек болгон органдардын жетекчилери эмне себептен жансакчылар менен жүрүшкөнү боюнча суроо салды.
«Силер кантип элди коргойсуңар? Силер ачык болушуңар керек. Силер кимдир-бирөөдөн коркпошуңар керек. Силерден коркушу керек – ушундай иштөө зарыл. Эгерде силер таза болсоңор, эч ким силерге сөз айта албайт. Эмнеге силер жансакчылар менен жүрөсүңөр, жадакалса облустук деңгээлдеги органдар? Демек, силер да бир нерсеге аралашкансыңар, ошондон улам жансакчылар менен жүрөсүңөр», — деди мамлекет башчысы.
Анын айтымында, адамдар укук коргоо органдарына чындыкты табуу үчүн келишет. «Эгерде силер аларга бардыгын жетишээрлик деңгээлде түшүндүрсөңөр, алар маалымат алышат. Силер болсо кире беришке күзөт коюп койгонсуңар, Бардык сфераларда жарандарды кабыл алуу жана алардын кайрылууларын кароо чечилбейт, өзгөчө укук коргоо органдарында жана сот системасында», — деди С. Жээнбеков.
С. Жээнбеков мамлекеттик күзөт президентти, премьер-министрди, Жогорку Кеңештин спикерин жана Жогорку соттун төрагасын кайтара турганын, премьер-министр жана спикер МАИнин коштоосунан баш тартышканын айтып, ал эми жарандардын коопсуздугуна камкордук көрө турган органдар жансакчылар менен жүргөнү туура эмес экенин белгиледи.
Президент өз сөзүндө күч түзүмдөрү коррупцияны жараткан факторлор менен эмес, негизинен алардан чыккан кесепеттер менен күрөшүп жатканын, коррупцияны жаратып жаткан себептер жоюлбаса, ал кайра эле кайталана берерин, күрөштүн жыйынтыгы чыкпай турганын билдирди. «Азыркы учурда укук коргоо органдары жакшы натыйжага жетпей, коомчулукту кыжалат кылып жаткан айрым орчундуу чөйрөлөрдү белгилеп кетейин. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү болбой жатканынын негизги себеби – коррупция. Эксперттердин айтымында, криминалдык чөйрөдөгү капитализациянын көлөмү абдан чоӊ суммага жетти. Уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүндө чоӊ өлчөмдөгү акчалардын агымы — укук коргоо жана сот органдарындагы жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо, мүмкүн эмес. Уюшкан кылмыштуу топтор наркотиктердин транзитин жана товарлардын контрабандасын тынымсыз жүргүзүүдө. Алар ири рентабелдүү бизнести, өзгөчө акциз товарлары менен байланышкан бизнести калкалоо менен алектенишет. Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо, криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт. Наркокоррупцияны өзүнчө белгилөө керек. Коррупциялык кирешелердин экинчи чоӊ бөлүгү наркобизнес менен байланыштуу. Эл аралык “түндүк транзит маршрутунун” бар экенин эч ким тана албайт. Ири өлчөмдөгү баӊгизаттар, чоӊ суммадагы акча каражаттары айланып, көптөгөн адамдар аралашып жатканы маалым. Баӊгизаттарды көзөмөлдөө кызматын Ички иштер министрлигине өткөрүп берип, күчөткөнүбүзгө карабай, бул багыттагы иш начарлап кетти», — деди С. Жээнбеков.
Мамлекет башчысынын айтымында, укук коргоо органдары 2016-жылы 166 килограмм героин кармалды десе, 2017-жылы болгону 101 килограмм героин кармалган. Иштин мындай солгундап кетишине укук коргоо органдарындагы коррупцияга барып такалат. Мына ушул маселелер боюнча эмнеге чечкиндүү иш-чаралар, конкреттүү сунуштар жок болуп атканына С. Жээнбеков кызыкты.
Коррупциянын кесептенин мамлекеттин бюджетине миллиарддаган сомдор түшпөй, айланып өтүп кетүүдө. Бажы, салык жана өлкөнүн сырткы соода чөйрөсүндөгү чоң резервдер бар экендигине карабай, көмүскө схемалар аркылуу миллиарддаган каражаттар бюджеттен айланып өтүп кетип атканы өтө өкүнүчтүү. «Бюджетке каражаттын түшпөй жатышына, биринчи кезекте фискалдык органдардагы коррупция себепкер. Бирок, укук коргоо органдары катышпаса, мындай көмүскө схемалар ишке ашпайт», -дейт С. Жээнбеков.
Мамлекет башчысы коомчулукта ачык айтылбаса да, көпчүлүктү узак жылдардан бери эле кыжаалат ойлорго салып келген көрүнүштөр тууралуу ачык айтты: «Укук коргоо органдарынын көмүскө схемаларга, экономикалык кылмыштарга тыгыз аралашканы белгилүү. Мисалы, ар кандай негиздер менен ишкерлерге карата көптөгөн кылмыш иштерин козгошот. Аларды иликтөө узакка созулат, бир канча убакыттан кийин ал иштердин көбү жабылып, сотко чейин жетпей калат».
Туура, мындай көрүнүштөр бар. Демек, укук коргоо органдарынын өзүнүн ичинде коррупция тыйылбай атканынан кабар берет. Укук коргоо органдары таза эмес жол менен иштеп аткандарды айоосуз жазалоонун ордуна, таза жол менен бизнесин жүргүзүп, өлкө бюджетине салым кошуп аткан бизнесмендерди кайра-кайра текшерип, кыйноолорго салып аткандары боюнча көп маалыматтар бар. Алардын айрымдары ар кандай тынымсыз текшерүүлөрдөн улам банкроттук абалга да кептелишкен. Мына ушул багытта С. Жээнбеков: «Биз өлкөдө саясый конкуренцияны түздүк. Эми мамлекет чынчыл бизнесмендерди колдоп, ишкер чөйрөдө адилет конкуренцияны орнотушу керек. Таза бизнес элди багат, ал эми “калкалоосу” барлар коррупционерлерди багат», — деген оюн айтты.