Домой Коом Кыргызстан экинчи Афганистанга айланабы? Же Түрк лидери неге «түмүрөйдү»?

Кыргызстан экинчи Афганистанга айланабы? Же Түрк лидери неге «түмүрөйдү»?

298

Мындан эки жыл мурун 2016-жылы Турцияда төнкөрүшчүлөрдүн мизи кайтарылып Режеп Тайып Эроган өз бийлигин сактап калган эле. Көп өтпөй «төңкөрүшкө тиешеси бар» — делип жогорку даражадагы чиновниктер, армиянын генералдарынан баштап жөнөкөй мугалимдерге чейин миндеген адамдар камакка алынган. Түрк бийлиги төңкөрүш кылуу аракетине айтылуу динаятчы Феттулах Гуленди айыптап чыккан.

Эрдоган

Ошол эле жылы Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, расмий Бишкек «гуленчилер» негиздеген «Себат» лицейлерин жойбосо, Турция Кыргыстанга «далысын салат» экенин кыйыткан.

Бирок экс президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын жаштарына эл-аралык деңгээлдеги сапатуу билим берип жаткан мектептерди жабууга эч кандай негиз жок экенин билдирген сон, «Себат» лицейлери «Сапат» — деп өзгортүлүп билим берүү министирлигинин көзөмөлүнө өткөрүлүп берилген.

Бул чечими менен экс президент Алмаз Атамбаев, Кыргызстан эгемендүү эркин мамлекет жана анын ички ишине эч бир мамлекеттин кийлигишүүгө акысы жок экенин дүйнө коомчулугуна далилдеген. Белгилей кетчу жагдай, ар кайсыл предметтер боюнча окуучулар арасындагы дүйнөлүк олимпиадаларда дал ушу «Сапат» билм берүү мекемелеринин окуучулары ийгилике жетишип жатканын айта кетүү абзел.

11-мартта президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Турцияга барды. Эки тараптуу жолугушууда Түрк президенти Режеп Тайып Эроган, Феттулах Гулендин кыймылы жөнүндө да сөз козгоп алардын кесепети акыры Кыргыстанга дагы тийип калат экенин айтып «гуленчилерге» чара көрүү жагын Сооронбай Жээнбековго эскерткендей болду. Бирок, Жээнбеков «бул маселе боюнча «ак же кок» деп ооз ачкан жок.

Ошол эле күнү Кыргызстандын Турциядагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, «гуленчилер» маселесин эки тарап бул жолугушууга чейин эле талкулап келгенини айтты. «Эламандын» автору элчи мырза: «чындыгында бул түрк элине жакшылык кылбаган «феточулар» кыргыз элине да жакшылык кылбайт. Булар алардан өч алууну эмес, «ошол окуялар кайталанбасын, силерде да болбосун» деп жатышат. Биз аны туура кабыл алышыбыз керек» — деп «балп» этти.

Элчинин мындай билдирүүсүн ар ким ар кандай жоромолдоп жатканы менен, эгерде президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан «добро» берилбесе, элчи Ибрагим Жунусов мамлекеттин атынан суйлоого батына алмак эмес. Демек, элчинин бул билдирүүсүн, президент Жээнбековдун билдирүүсү катары кабыл алганыбыз он. Мындай болгон жагдайда түрк президенти Эрдоган Кыргызстандын ички ишине түздөн-түз кийлигишип президент Сооронбай Жээнбековду айтканын аткарууга мажбур кылган болот.

Сыягы, жакында кайрадан «Сапат» кыргыз-түрк билим берүү мекемелерин жабуу боюнча маселе көтөрүлгөнү турат. Анда өзүнө 30дан ашуун билим берүү мекемелерин камтыган «Сапат» лицейлер түйүнү жана анда окуган 12000 окуучунун тагдыры кандай болот? Бул жагын ойлогон жан барбы? Же келечек ээлерин Чубак ажынын таалим тарбиясына «сугарып» Кыргыстанды экинчи Афганистанга айлантуу аракети журуп жатабы?

«Жаман үйдү коногу бийлейт» болуп, чет элдин презиеднттеринин айтканына кирип мектеп окуучуларынан «террористтерди», «төңкөрүшчүлөрдү» издебей Кыргызстанды өнүктүрүү багытындагы иштер менен алек болсок жакшы болмок.