prednisone 10 mg for sale. 12-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өлкөнүн социалдык-экономикалык жана Кыргызстандын руханий өнүгүшүнө зор салым кошкон бир катар инсандарга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өткөн бул жыйынга мамлекетке, элге эмгеги сиңгендер чакырылган.
Мамлекет башчысы сыйлык ээлерин куттуктап, аларды сыйлоо өзү үчүн да сыймык экендигин белгиледи. Президент сыйлыкка татыгандарга жемиштүү, жаратман эмгеги үчүн, өз ишине, кесибине жана өлкөгө берилгендиги үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди. Өлкө жетекчиси тапшырыла турган мамлекеттик сыйлыктардын көбү мугалимдерге берилгенин айтты. “Мен премьер-министр болуп шайланганда, андан кийин президент болуп шайланганда, эң биринчи максаттарымдын бири – билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүү, жардам берүү, мугалимдерге камкордук көрүү болду. Өзүңөр билесиңер, өткөн 5-6 жылдын ичинде мугалимдердин орточо маянасы 4 эсеге көтөрүлдү. Мугалимдер үчүн ипотек а иштеп баштады. Ушул жылдын аягына чейин, Кудай буйруса, өлкөдө бир да авариялык мектеп калбайт. Же жаңы имарат салынат, же капиталдык ремонт жасалат”, — деди Алмазбек Атамбаев.
Президент акыркы жылдары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, бюджеттин 24 пайызын ушул тармакка бөлүүгө жетишкенибизди айтты. “Өлкөдө жаңы ишканалар курулбаганы менен, биз республикалык бюджеттин 24% билим берүү тармагына жумшаганга жетиштик. Мындай нерсе дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө жок. Дүйнөдө бюджеттин 3-4 эң жогоркусу 6 % билим берүүгө жумшалат. Ар кандай проблемаларга карабастан, бюджеттин 24% билим берүүгө жумшаганыбыз абдан маанилүү деп эсептейм. Өлкөнүн келечеги – билимдүү, күчтүү коомдо. Билим болгон жерде маданиятсыздыкка, акылсыздыкка жана жапайычылыкка жол жок”, -деди президент.
Мамлекет башчысы жакынкы жылдары айлык жана пенсиялар көтөрүлө турганын кабарлап, жалпы элди биримдикке чакырды. “Бир-эки жылдан кийин, өлкөдөгү долбоорлордон кайтарым боло баштаганда экономикабыз өсө баштайт, азыр деле сезиле баштады. Биз азыр ИДП өсүш көрсөткүчү боюнча КМШда алдыңкы катардабыз. Ошондон кийин бюджеттегилерге айлыкты жана пенсияны көтөрө баштайбыз. Негизгиси көп улуттуу элди аймактарга жана улуттарга эч качан бөлбөгүлө. Биздин күчүбүз дайыма биримдикте болуп келгенин эстен чыгарганга болбойт”, — деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекеттик сыйлыктар менен кошо президент Алмазбек Атамбаев сыйлык алган 133 адамдын ар бирине 10 миң сомдон акчалай белек тапшырды. Бул каражаттар Мамлекет башчысынын чечими менен Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнгөн.