Бүгүн, 8-октябрда 2020-жылдын 5-6-октябрында болгон окуялар боюнча соттук отурум 18-октябрга жылдырылды. Ага айыпталуучунун бири Темирлан Сманбеков келбей калганы себеп болду.
Октябрь окуялары боюнча ачылган иште Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев, мурдагы Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Темирлан Султанбеков, Өмүрбек Бабанов жана Атамбаевдин мурунку жансакчысы Канат Сагымбаев айыпталууда.
Бүгүнкү сот отурумга Курсан Асанов, Жеңиш Молдокматов, Фарид Ниязовдор алынып келинген.
Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы нааразылык жаратып, митинг өткөн. Ал массалык башаламандыктар менен коштолуп, бир адам мерт кеткен жана бийлик алмашкан. Камактагы бир топ саясатчы бошотулуп, кийин кайра камалышкан. Ошол күндөрү борбордук аянтта жүргөн саясатчы, депутаттар сурак беришкен. Ички иштер министрлиги айрым саясатчыларга иш козгогон.
Фарид Ниязов өзүнүн ден соолугу жакшы экенин билдирди.
Курсан Асанов да ден соолугуна даттанбай турганын жана ага коюлуп жаткан айыптар үчүн ал сыймыктанарын билдирди. Ал өлкөнүн тынчтыгы үчүн салым кошконун кошумчалады.
Ал эми Жеңиш Молдокматов ага коюлган айыптарды «абсурд» деп атады.
Мындан сырткары, октябрь окуяларында айыптуу катары эсептелген Канат Сагымбаев да сотко келди.