Домой Коом «Айыл Банк» мамлекеттик ипотека боюнча документтерди кабыл алууну убактылуу токтотту

«Айыл Банк» мамлекеттик ипотека боюнча документтерди кабыл алууну убактылуу токтотту

67

«Айыл Банк» ачык акционердик коому “Мамлекеттик ипотека” деп аталган насыя боюнча документтерди кабыл алууну токтотту. Бул тууралуу банктын расмий сайтында жарыяланган.

Кабарда айтылгандай чечим Мамлекеттик ипотекалык компания бекиткен лимиттин санынан жараша кабыл алынды.

Банк келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн өзүнүн кардарларынан кечирим сурайт.

Банк Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан программаны ишке ашыруу боюнча кошумча каражат келген кезде кардарларына бул тууралуу алдын ала маалымдайт.