Домой Коом 4% үстөк менен мамлекеттик ипотека алуу шарттары

4% үстөк менен мамлекеттик ипотека алуу шарттары

32

Кыргызстанда акыркы жылдарда турак жайды мамлекеттик ипотека программасы аркылуу алууну каалаган жарандардын саны өсүп жатат. Бул маалыматты «Биринчи радионун» эфиринде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Таалай Оморов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, акыркы 2 жылдагы өсүш насыя алуудагы жаңы шарттарга байланыштуу.

«Мисал катары айтсак,мамлекеттик кызматкерге ипотека 25 жылдык мөөнөттө 4% үстөк менен берилет. Башка жарандарга дагы 25 жылга, 8% менен берилет. Биздин сайтта ипотека берүү боюнча кезек бар», — деди ал.

4 пайыздык мамлекеттик ипотека берүүдөгү жалпы талап — мамлекеттик кызматкердин 2 жылдык эмгек стажы жана учурдагы иш ордунда 1 жылдан ашык эмгектенгени.

Ошондой эле ипотека алып жаткан жарандын жубайы жана балдарынын менчигинде акыркы 3 жыл ичинде Кыргызстанда катталган турак жайы болбошу керек.