Жалган маалымат таратуу, башка адамдарды ак жеринен күнөөлөп, маалымат каражаттарынын күчү менен өз максатына жетүү өнөкөткө айланып баратат. Дүйнө, айрыкча демократияны туу туткан мамлекеттерде мындай көрүнүштөр кулачын жайып, акыркы кездери ага каршы күрөш да башталды. Кыргызстанда деле абал ойдогудай эмес. Интернетте ар кандай “фейк-маалымат” таратып кайсы бир топту же саясатчыны негизсиз каралагандар бар.
Жакында АКШда дал ушундай көрүнүш орун алып, болгондо да бул мамлекеттин биринчи айымы жалган маалыматтын курмандыгы болду. Daily Mai басылмасы АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайын 90-жылдары “жашыруун сойкулук менен алектенген” деп айыптаган. Аягында Мелания айым сотко кайрылып, басылманын маалыматы далилденбей, соттон утулду. Ошентип Daily Mai басылмасы АКШнын биринчи айымынан расмий түрдө кечирим сурап, жазган маалыматтарын төгүнгө чыгарды. Эми моралдык чыгым катары 150 млн. доллар төлөп берүүгө милдеттүү. Алар маселени кандай жол менен чече турганын көрө жатарбыз. Биз муну менен демократияны туу туткан, укук коргоочулар үлгү кылган АКШдагы калп маалыматка болгон катаал мамилени эскертип коелу дедик.
Бизде абал кандай? Кыргызстанда болсо жалган маалыматка либералдуу мамиле бар. Ошондой болсо да кээде аша чаап кеткендер соттошот. Ачыгын айтып коюшубуз керек, калп маалыматтын “өндүрүшчүлөрү” Батыш колдогон ММКлар. Чет элден каржыланып жаткан маалымат каражаттары бир тараптуу кабар таратып, соттошууга келгенде сөз эркиндиги, демократия деп “келжирейт”. Эгер кайсы бир маалымат каражаты сотко берилсе Батыштын гранттарына жан баккан укук коргоочулар аарыдай чогулуп, аны саясатташтырып, саясий репрессия, куугунтуктоо, авторитарзим деп оозун көбүртөт.
Жакында эле президентти негизсиз айыптап, мамлекет башчысы тууралуу бир тараптуу маалымат тараткан ММК “кечирим суроо” менен жоопкерчиликтен кутулду. Дагы бир маалымат агенттигинин үстүнөн сот иши жүрүп жатат.
Буга чейин “Ата Мекен” партиясынын паракорчулукка шектелип жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин юристтери маалымат жыйын өткөрүп, көпчүлүктүн көңүлүн сенсациялуу маалыматка бурган. Анда алар Дача Суда кулаган учактагы жүктөр президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, муну Түркия ырастаганын билдирип, жасалма документтерди көрсөтүшкөн. Бул маалымат желдей тарап, мамлекет башчысы тууралуу терс пикирде калгандар да болгон. Ал боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлүп, анын курамына оппозициялык маанайдагы фракциянын депутаттары кирди. Аягында ошол депутаттар да аны тастыктай албай, Текебаевдин юристтери жалган маалымат тараткан деген тыянак чыгарды. Түркия бийлиги да текебаевичлерге эч кандай документ бербегенин билдирди. Эми болсо бир саясатчынын куурчагына айланып, анын изи менен басып, бүтүндөй коомчулукка шерменде болгон “юрист сөрөйлөр” сот алдында жооп берүүгө туура келди.
Сөз эркиндиги менен калп маалыматты эч качан алмаштырбашыбыз керек. Жалган, ушак, бирөөнүн беделине доо кетирүү демократиянын бир да нормасына туура келбейт. Биздин укук коргоочулар пир туткан мамлекеттерде да мындай көрүнүшкө катуу чаралар колдонулууда. Укук коргоочулар Кыргызстанды кандай жамандабасын, “сөз эркиндиги өлдү, авторитаризм орноду” деп жаны чыкканча бакырбасын аларга эч ким ишенбей калды. Жада калса Европанын, АКШнын лидерлери Кыргызстандагы демократиянын өнүгүп жатканына жогору баасын берүүдө. Анткени, алар өлкө аймагындагы чыныгы кырдаалды көрүп, билип турат. Ошондуктан калп маалымат менен күрөшүүдө бирдиктүү болуп, оюу жаман, койнунда “котур ташы” барларга каршы чогуу туралы.