rualis 20. Кийинки кезде Кара-Көл шаарынын тургундары милиция тармагына начальник болуп келген Калыс Айтпаевге ичи чыкпай жатканын коомчулук билет. Негедир өзүн “крутой” сезип алган бул билерман туура эмес кыймыл-аракеттерди жасап, элге жек көрүнүп алды. Эгерде ал реформалык кадамдарды жасоого шугулданса тескерисинче мактоого алынмак. Опузалап эле єзүнүн кызыкчылыгын баарынан жогору койгон бул чоңдун ишин азыр министирлик карап жатканын эшиттик. Демек, бир жыйынтык болот го?
Ооба, баары эле аппак эмес. Бири адал иштесе, экинчиси өзүнүн жемсөөсүн
толтурууга аракеттенет. Бекерден кой аксагы менен миң делип айтылбаса керек? Тазалануу дегенди ордунан жылдыруу абдан оорчулук жаратууда. Ошентсе да жакшылыктан күдөр үзбөй туралы. Жогоруда кеп болгон “каармандын” жоругу ачыкталарына шек жок. Канчалык колдоочусу күчтүү болсо деле элге батпагандарды ордунан шыпырышат. Жок дегенде башка аймакка которушаарын көпчүлүк күтүүдө.