Буга чейин УКМК массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, жан сакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеевди Кой-Таш айылынан кармаган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы массалык башаламандыктык уюштуруу фактысы менен Фарид Ниязовду дагы кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматы кабарлады.
«Массалык башаламандык уюштуруу фактысы боюнча 10-октябрь күнү УКМК менен ИИМ ыкчам издөө иш-чараларын өткөрүп Фарид Ниязовду кармады», — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, буга чейин УКМК массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, жан сакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеевди Кой-Таш айылынан кармаган.