diet pills without prescripton best.
Президенттикке талапкер Ɵмүрбек Бабановдун билдирүүсү боюнча КСДП партиясынын тɵрагасынын 1-орун басары Фарид Ниязов пикирин билдирди. Анда ал Ɵмүрбек Бабанов чындыкка коошпогон нерселерди айтып, элдин башын айландырып жатканын белгиледи.
«Мага Ɵмүрбек Бабановдун убагында президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоодогу үгүт кампаниясын кантип каржылаганы белгисиз. Бирок мен 2011-жылы А. Атамбаевдин шайлоо штабынын жетекчиси болгом. Шайлоо фонду кайсыл каржы булактарынан түзүлгɵнүн билем.
Ошондуктан Ɵ. Т. Бабановго элдин башын айландыруунун кереги жок.
Бир нерсени тактап кетсем: 2009-жылы ал биринчи-вице-премьер кызматынан октябрь айында кеткен. А президенттик шайлоо 23-июлда ɵткɵн. Тагыраак айтканда, 2009-жылдагы шайлоодо Ɵ. Бабанов менен агездеги премьер-министр И. Чудинов расмий түрдɵ шайлоо боюнча республикалык штабды жетектешкен», — деди Ф. Ниязов ɵз сɵзүндɵ.
Мындан сырткары, ал Бакиевдин кезиндеги шайлоодо административдик ресурс жогорку деңгээлде колдонулганын, Бабановдун добуштарды сатып алуу боюнча айыптоолору негизсиз экенин айтты.
«2009-жылы мен да А. Атамбаевдин штабында иштегем, ошондо «административдик ресурс» эмне экенине толугу менен күбɵ болгом. Биздин шайлоо роликтерибиз түн бир оокумунда кɵрсɵтүлсɵ, бүткүл ɵлкɵ боюнча 30 биллбордду гана илүүгɵ уруксат беришкен. А менин авто унаамды (ошондой эле штабдын башка кызматкерлеринин да) шайлоого бир жума калганда күнүнɵ эки жолудан МАИ кызматкерлери токтотушуп, текшерүүгɵ, тинтүүгɵ алып турушкан. Ɵ. Бабановдун «акчаны Бабанов эмес, а бийликтин талапкери таркатып жатат» деген билдирүүсү мени шок кылды. Бул эми бет тырмарлыктын жеткен чеги да. Жер-жерлерден келген маалыматтар акчаны ким таратып жатканын айтып жатпайбы. Эл Бабанов менен анын тарапташтарын добуштарды сатып алып жаткандары үчүн айыпташууда. «Бабанов» жана «добуштарды сатып алуу» деген түшүнүктɵрдү эл синоним сɵздɵрдɵй эле кабыл алып калышты», — деди Фарид Ниязов.