Домой Коом Фарид Ниязов: Эл Кой-Таш операциясы тууралуу чындыкты билүүгө укуктуу

Фарид Ниязов: Эл Кой-Таш операциясы тууралуу чындыкты билүүгө укуктуу

93

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Фарид Ниязов сот жараяндарын ачык, эркин журналисттердин катышуусунда өткөрүүгө чакырды. Анын кайрылуусун Кундуз Жолдубаева соцтармакта жарыялады.

Ниязов сотторду ачык өткөрүүгө саясий эрк керек экенин белгилеген.

Судебный процесс по «Кой-Ташским» событиям должен быть открытым и главным, с участием независимых журналистов. В уголовном деле нет ни одного государственного секрета, а сотрудники ГКНБ и так приходят в суд в специальных масках, где есть лишь прорезы для глаз и дыхания.
Народ имеет право знать правду о той безумной спецоперации, которую спланировали Сооронбай Жээнбеков и Орозбек Опумбаев, а также о том, к чему это привело в итоге.
Нужна только политическая воля нового руководства Кыргызстана

Ниязовдун кайрылуусунда: «Кылмыш ишинде бир да мамлекеттик сыр жок. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери сотко жүзү жабылган атайын беткап менен келип жатышат», деп айтылат.

Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын Бишкек шаардык соту 29-октябрда карап, аны 10-декабрга чейин камакта калтырган. 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кайрадан кармалган Фарид Ниязовду Биринчи май райондук соту 12-октябрда камакка алууну чечкен. Анын адвокаттары шаардык сотко даттанышкан эле.

булак: saat.kg