Расмий түрдө Садыр Жапаровдон башка бир да талапкердин аты аталган жана берилген жок. Бул тууралуу бүгүн өтүп жаткан депутаттардын жыйынында депутат Мирлан Бакиров билдирди. Ал “Жапаровдун талапкерлигин бүгүн бекитип беребиз же колдобойбуз”, – деди.
Ал эми буга чейин “Достук” мейманканасында чогулган депутаттар баары Жапаровду колдойбуз деген пикирлерин билдиришкен.
Депутат Улукбек Ормонов эл өкүлдөрүнө кысым болбогондугун айтып, “Жапаровдун талапкерлигин колдобосок аянтта эл тынчыбайт”, – деп билдирди.
Белгилей кетсек бүгүн депаттар кезексиз жыйынга чогулуу аракетин көрүп жатышат. Алар Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында чогулушууда.
булак: govori.tv