Анткени ал – таза жана иштерман инсан
Бир нече партия сүйлөшүп, Сооронбай Шариповичтин тегерегинде бириктик. Келаткан шайлоо – ынтымактын шайлоосу болот деп тилек кылып турабыз!
Элибизде: “Жамандын кызматына марыбайсыӊ. Жалганды айта берсеӊ — жарыбайсыӊ. Ак жүрсөӊ — күйүп турган жалындайсыӊ!”, — деген сөз бар. Дегеним, Сооронбай Шариповичтин үч касиети бар. Биринчиси – таза. Экинчиси – алдабайт, айткан сөзүнө жооп берет. Үчүнчүсү – иштерман. Мына премьер-министр болуп отурду, көп деле телеге чыкканын көрбөдүк. Натыйжада экономикада, бардык тармактарда өнүгүү болду. Президент айтып жатпайбы: “Сооронбай Шарипович өзүн пиар кылганды билбейт, мен пиар кылып атам”, — деп.
Сооронбай Шарипович таза болгондуктан, оппоненттери, конкуренттери, башка талапкерлери эч нерсе таппай отурат. Таппайт дагы. Азыр журналисттер мага: “Сооронбай Жээнбеков эмнеси менен айырмаланат? Эмне үчүн ушундай тандоо болду?”, — деген бир эле суроо менен кайрылышат. Мен айтып атам: биздин тандоонун маңызы – мамлекеттин келечеги, элдин бейкуттугу.
Партиялардын биримдиги боюнча айтсам, президентибиз Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен партияларды ирилештирүү маселеси көтөрүлүп, Конституциялык реформа жүрбөдүбү. Азыр шайлоо мыйзамында өтүү босогосу, күрөөлөр көтөрүлдү. Кийинки шайлоолордо партиялар иргелет, биригет.
“Замандаш-Современник”, “Кыргызстан”, “Улуу Кыргызстан, “Табылга”, “Мекеним Кыргызстан” КСДП, “Бир бол” партияларынын өкүлдөрү менен жолукканда мен үчүн азыр бир дагы партия жок, мен үчүн азыр Сооронбай Шарипович бар деп айтып жатам. Мен үчүн азыр Сооронбай Шариповичтин бирдиктүү штабы, бир муштумдай түйүлгөн командасы бар деп атам.
Дагы бир нерсе, Сооронбай Шарипович менен жөнөкөй эле, кеӊ-кесири сүйлөшүп жатпайбызбы. Мисалы, айылдагы эле жөп-жөнөкөй тирилик жөнүндө. Бир талапкер менен сүйлөшө келсек, “мен президент болсом, резинка өтүк кийип алып, баткак кечем” деп айтып жатпайбы. Буга чейин эмне кечпей жүрдү? Дагы бир талапкер президент болуп калсам, резиденцияны карыялар үйүнө берем дейт. Биз айттык “Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев келсе, каякка тососуӊ?”, — деп.
Сөзүмдүн аягында жакшы жөрөлгөлөр башталганын белгилей кетейин. Өзүңүздөр билесиздер, коӊшу мамлекеттерге көз каранды жашадык. Мына “Датка-Кемин” курулду, свет өчпөй калды. Оштун жашоочулары канча жолу газсыз калып чырылдады? Эми газ өчпөй калды. Ошондо Сооронбай Шарипович ”кичине чыдап койгула, көз карандылыктан чыгабыз”, — деген эле. Ошондой болду.
Кыргызстандын түндүк-түштүгүн байланыштарган бир эле стратегиялык жолубуз бар. Кокус кандайдыр бир себептен жабылып калса, өтө кыйын болот. Ушундан улам курулуп жаткан түндүк-түштүк жолунун аскерий стратегиялык жана экономикалык мааниси өтө зор.
Кыргызстан өнүгүү белесине чыкты! Ушул иштерди уланткан адам керек. Ал – Сооронбай Шарипович Жээнбеков!
Жеӊиш МОЛДОКМАТОВ, “Замандаш” партиясынын теӊтѳрагасы
Кишинин жакшы-жаманы кыйынчылыкта билинет
Эсимде, 2005-жылдын марты. Революция деп өпкө көптүрүп жүргөн күндөр. Талкаланган шаар. КТРдин алдына ар ким чогулуп, талап-тоногонго аракет кылганда бир ууч журналисттер иштеген жерибизди көкүрөгүбүз менен калкалап калган учур эсимде. Постто турган милиционерлер формасын чечип ыргытып, граждандык кийим кийип, талагандарга кошулуп тургандары эсимде. Эфирди өзүбүз көзөмөлдөп, жоопкерчиликти өз мойнубузга алып, борбордо болуп жаткан окуядан маалыматты уюштурганыбыз эсимде. Эртеси парламентке барып, депутаттардын пикирин көпчүлүккө билдирели десек, имарат ичинде бир да адам көрүнбөдү. Айланып жүрүп эшиги ачык бир кабинетке баш баксак, депутат Сооронбай Жээнбеков отуруптур. Аңгыча сыртта чогулган топ чабуулга өтүп, Жогорку Кеңештин имаратына таш жаады. Абдымомунов көчөсү тарабынан кирчү эшик тарсылдап, талкалангандай добуш чыкты. Пенде болгон соӊ корктук. Колубузда мамлекеттин мүлкү – кымбат баалуу видеокамера. Ошонун алдында эле талкаланып таланган Ак үйдү тартып чыкканбыз.
Сооронбай Шариповичтин жанынан башпаанек издедик. Чыккан чууга кабинеттин ээси кебелип койгон жок. Аны көрүп, биз да чыйралдык. Бизди иш ордуна калтырып коюп, сырттагылар менен жолугуп келди. Эл тынчыды. Ошол кезде Кыргызстан мурда болуп көрбөгөндөй “Чыр-Дөбөгө» айланып турган. Ошондо элдин бийликке болгон нааразылыгын атайын сценарий менен ырбаткан күчтөргө каршы тура алган адамдардын бири Сооронбай Жээнбеков деген түшүнүк жаралды. Ыраазы болдум. Бул жалганда адамдын улуулугу – адам бойдон калуусу. Андан бери жылдар алмашып, Сооронбай Жээнбеков далай мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалап келет.
Кийин 2010-жылдагы Оштогу чыр-чатактарда, бийлик талашууларда, кандуу окуяларда анын сабырдуулугу, тайманбастыгы зор мааниге ээ болгонун аялзаты катары түшүнүп жаттым. Бул адамдын дүйнө таанымалынын, аналитикасынын кенендигин көрүп билип жүрөбүз. Мындай адамдардын эл башына келгени туура.
Кыргыздар – кудай берген элбиз: билимге ынтызар, жаңыланууга дилгирбиз, айкөл. canada cheap antibotics. Бир гана биздин кендирибизди кескен кенебестигибиз бар. Чоң иш жасаарда ичибизден ириген, куру намыска алдырган уруучулугубуз, бөлүнүүчүлүгүбүз бар. Ошону унутуп, ичибизди кенен кылып татыктуу адамды шайласак, атаганат!
Мен Сооронбай Жээнбековко добушумду берем! Өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабаган, бейпил турмуштун уланышын тилек кылгандарга менин жолумду жолдоп, тазалыгы, адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү менен өзгөчөлөнгөн Сооронбай Жээнбековго добушуңарды берсеӊер, жаӊылбайсыӊар!
Жайнагул МАКСИМОВА, журналист, Чүй облусунун ардактуу атуулу
Даярдоочу: «Айбат Аймак»КФ Токтогул кочосу 196
КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укукту уөкүлү Сатыгулкызы Надира тарабынанбуюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылганкүнү: __.09.2017 ж.