Деги эле Жолдошбаев дегендин жолдо эле кала турган жоруктары түгөнбөй койду. Бул адам акыркы учурда өзүн эле эмес, Кудайды да тааныбай бараткансыйт. Элдин сөзүн сөз, кесиптештеринин кебин да кеп дебейт. Буга кезектеги “ысык” мисалды келтирели. Жакында эле өткөн парламенттик жыйында бир топ депутаттар орчундуу маселелерди көтөрүп, дагы да сөз алып, көйгөйлөрдү айтып калууга аракет кылып жатса, Жолдошбаевдин сөз алып сүйлөө, маселе көтөрүү менен такыр эле иши жок. Тескерисинче, сүйлөп жаткандарга, жалпы эле жыйында олтургандарга тийиштик берип, маңдайындагыларга мас кишидей бакылдап сүйлөп, жайлоодо жүргөнсүп жайдаңдап каткырып турганы төрага Асылбек Жээнбековдун кыжырын кайнатты окшобойбу, айтор Асылбек Шарипович: “Камчыбек Жолдошбаевич, сүйлөп жаткандарга тийиштик берип жатасыз, акырын болбойсузбу, бири-бирибизди сыйлайлы да, көчөдө жүргөн жокпуз да” — деген кыязда тарс сүйлөп, аны жакшы эле уяткарды. Бирок, Камчыке андайдан тарбия деле албайт, себеби, кыргызда “сүт менен бүткөн мүнөз сөөк менен чыгат” деген кеп бар эмеспи. Андыктан, бул адамдын парламентте көрсөтө турган жоруктары али алдыда…