Домой Саясат Башкы прокуратурага Жээнбековдордун үстүнөн арыз түштү

Башкы прокуратурага Жээнбековдордун үстүнөн арыз түштү

851

Ош ОИИБдин мурунку башчысы Абдилат Капаров президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кат менен кайрылды.

Капаров Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдорду шалаакылык жана акча каражатын ээлеп алууга айыптап жатат. Ошондой эле экс-президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус жарандарга массалык түрдө жугуп, адам өлүмүнө алып келгенине жоопкерчилик алышы керек, деп эсептейт.

«Ага-ини Жээнбековдорго карата иликтөө жүргүзүп, өлкөдөн чыгууга тыюу салып, мүлкүн конфискациялап, иликтөөнүн жыйынтыгы менен С.Жээнбековду экс-президент макамынан жана персоналдык пенсиядан ажыратууну суранам», — деп айтылат кайрылууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 30-декабрда АКИpress агенттигине билдирген маалымат боюнча, Капаровдон кайрылуу түшкөн. Учурда ал каралып жатат.