Домой Коом Ошто Асылбек Жээнбеков митинг өткөрүп жатат (видео)

Ошто Асылбек Жээнбеков митинг өткөрүп жатат (видео)

147

Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өтүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Митингге чогулгандардын арасында президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков сүйлөөдө.

«Баары мыйзамдуу жол менен чечилиши керек. Бизде лигитимдүү президент бар, ал өлкөгө мыйзамдуулукту орнотот», — деди Жээнбеков.

Ал митингчилердин Ак үйдү басып алышын сындап жатат. Анын жанында калаа мэри Таалайбек Сарыбашов турат.

Бирок экинчи тараптагы адамдар «таза шайлоо өткөн жок» деп кыйкырышууда. Мындан тышкары, «бийлик элдики, элди бөлбөгүлө» дегендер да бар.

Ушу тапта аянтта 500дөй киши чогулуп турат