Домой Азил Оңдоо оңойго турбайт дешип…

Оңдоо оңойго турбайт дешип…

128

Чиновниктер бандасы

Кудай кыргыз саясатчыларынын жашоосун жеңилдетүүнү ойлоду. Жерге түшүп келип, саясатчыларга кайрылып аларга:
— Мен силердин жашооңорду мындан да жеңил кылууну чечтим. Ал үчүн силер эки жаман адаттан – уурдагандан жана элди алдагандан кутулушуңар керек. Тандагыла, — деди.
Жапаров, Чудинов, Келдибеков, Түлеев, Пирматов, Текебаев, Исаев, Сулайманов, Турсунбеков, Төрөбаев, Иманалиев, Бабанов, Жээнбеков, Базарбаев, Жунушалиев, Осмонов, Ибраимов баштаган саясатчылар баштарын тырмап азыраак ойлонуп турушту да:
— Мындай катаал шарт менен мамлекетти оңдоо оңойго турбайт го, жок дегенде бизге бул эки адаттын бирин калтырсаңыз экен, о Жараткан,- деп хор менен безилдеп жиберишиптир.