Домой Саясат Карганбек Самаковдун сотунда бүгүн деле чечим чыкпайт го…

Карганбек Самаковдун сотунда бүгүн деле чечим чыкпайт го…

49

Карганбек Самаков жана Игорь ЧудиновЖогорку Кеңештин мурунку депутаты Карганбек Самаковдун соту бүгүн да уланат. Чынында бул соттук иш өтө көпкө узарып, саясатташып бараткандай. Бүгүн да кезектеги сот отурум болот. Бир карасаң, бул соттук иштер жөн гана “отметка” үчүн болуп жаткандай сезилип кетет. Белгилүү болгондой, Карганбек мырза Аламүдүн районунун: Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнөн 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталып, ага  өткөн жылы май айында кылмыш иши козголгон. Андан кийин бул иш боюнча ошол кездеги өкмөт башчы Чудинов менен вице болуп иштеп турган Искендер Айдаралиевге кылмыш иши козголгону менен, бул иш анчалык ишке ашпай турат. Кыязы, Чудинов деген эргул неме укук коргоочуларга, сотторду сатып алуунун амалын ойлоп, өзгөчө бир “чудосун” көрсөтүп жатат окшобойбу.