— Аманбай мырза, алгач Нарындагы көмүрдүн тартыштыгы жана жакында эле ушул жана электр энергиясы жагынан жеңилдик берүү талабы менен өткөн митинг тууралуу кеп кылалы…
— Көмүр маселеси эчак эле чечилген. Нарында такыр көмүр жок деген калп сөз.
— Анда эмнеге эл митингге чыкты?
— Негизи Нарында былтыр 10-15 күндөй эле катуу суук болгон. Быйыл болсо 40 пайызга жетип, укмуш суук болуп жатпайбы. Актал деген жердеги базада 80-90 тонна көмүр даярдап койгонбуз. Бирок, былтыркыга салыштырмалуу бир нече күнгө бир аз тартыштык жаралды, анын да себеби бар. Ошондой болсо да, ар кайсы жерде КамАЗдар менен сатып жатышты. Көмүр тартыш деген сөздү ЖМКларга чуулдатып жиберишти. Бул жерде да бир аз саясат болуп кетти окшойт. Негизи, Нарын шаарына 2,5 миң тонна керектелет. Кампаларды ачып, мэрия менен бирге, жеке ишкер Бакыт Аттокуров менен да сүйлөшүп, даярдыктар жакшы эле жүргөн. Ал көмүрдүн тоннасын 3000 сомдон сатып жатты. Ар кайсы жерден мүшөктөп алгандарга кымбат түшүп калат. Базага түшүрүп койсок, ага жакын жашагандар алып алат. Алыс жашагандар шартка жарашабы, айтор ала албай калып жатты көрүнөт. Машина менен элди кыдырып сатышса, арзан түшөт деп көбү алышат экен. Ал эми миң киловатт жеңилдик катары берилген электр энергиясын 2000 киловаттка көтөрүү боюнча Нарындагы активисттер митингге чейин сунушун кат менен беришкен. Мен ал катты өкмөткө бердим, эми өкмөт тариф саясатын эмки жылы өзгөртө турганын билдирди. Бул боюнча өкмөттүн жообун эл алган. Ошондой болсо да, митинг өтүп, бир аз саясат болуп кетти го. Ал тууралуу да ар кандай маалыматтар болгону менен, аны териштиргеним жок, териштиргенге убактым да жок. Эки жыл мурун жеңилдикти 700 киловаттан 1000ге көтөрткөнбүз. Андан тышкары, өкмөт Нарын облусунун элине бийик тоолуу болгондугуна байланыштуу жардам катары жылына 246 миллион 275 миң сом компенсация төлөп келет. Бул акчаны облустагы ар бир абонентке бөлгөндө 700-800 сомдон айланат. Эгер өкмөт бул акчаны төлөбөсө, айла жок эл төлөмөк да. Бул да болсо жакшы, муну да эске алуу зарыл. Мындай жардам башка облустарга берилбейт.
— Ак-Талаадагы Турук көмүр кенин иштетип жаткан “Кенч-Строй” ишканасынын иштебей калганы да таасир берди да?
— Туура. Жакшы эле таасир берди десем болот. Анткени, аталган ишкана өткөн жылы чоң көрсөткүчкө жетип, 18 миң тоннаны казып, элди көмүр менен жакшы камсыздап койгон. Бирок быйыл Экотехинспекция: “Ал ишкана башка аймакка уруксатсыз кирип кетти” деген жүйө менен лицензиясын алып койбодубу. Азыр соттошуп жүрөт. Мындан тышкары, Кара-Кечеде да бир нече ай иш жакшы жүрбөй, ал жакта да көмүр казуу бир аз солгундап калып, ушунун баары өз таасирин тийгизди. Бирок жалпысынан алганда былтыр Жумгалдагы 14, Ак-Талаадагы 2 карьер 7772 миң тонна казышып, жакшы көрсөткүчкө жетишти. Бул жагынан кеп жок.
— Ак-Талаадагы депутат Камчыбек Жолдошбаевдин “Сардар” карьери эмне үчүн жакшы иштебей, эл менен эсептешпей, өз билгенин кылып жатканы көп айтылууда. Бул боюнча эмне айтасыз?
— Жогоруда айтпадымбы, былтыр “Кенч-Строй” 18 миң тонна казса, “Сардар” болгону 3 миң тоннанын тегерегинде казган. Быйыл да жакшы иштебей койду, болгону 8 миң тонна казды. Муну да биз улам күчтөп жатып, каздырдык. Эгер бул ишкана жакшы иштеп, 20 миң тоннага чейин көмүр казса, Нарында анча-мынча көмүр көйгөйү болмок деле эмес.
— Жакшы казбаса, эл менен эсептешпесе, өз билгенин кылбаса, анда сиздер ал ишкананын лицензиясын алып салууга тиешелүү тарапка сунуш бербейсиздерби?
— Быйыл Жумгал, Ак-Талаа райондорунун акимдерине тапшырма бердим. Жалгыз эле “Сардар” эмес, жакшы иштебеген ишканалардын иштегенин мониторинг кылып, анын жыйынтыгына жараша өкмөткө сунуш берели деп жатабыз. Мамлекеттик Геология комитетинин жетекчисин Нарынга чакырып жатам. Ал киши келсе, Нарын облусундагы болгон кен байлыктарды казып жатышкан ишканалардын жетекчилерин баарын чогултуп, чоң жыйын өткөрөлү деп жатабыз. Баарын текшерип, жыйынтыгын ачыкка чыгарабыз. Андан тышкары, милдеттемелерди берип, пландарын бекитебиз. Көмүр казышкан ишканаларды ар бир районго көмүр камсыз кылуу боюнча бөлүштүрөбүз. Эгер алган тапшырмасын аткара алышпаса, лицензиясын алууга сунуш берип, такыр иштетпей коюшубуз керек.
— Нарын эли көмүр менен камсыз болбосо сизди кызматтан кетсин деп ЖКнын айрым депутаттары айтышты. Социалдык баракчаларда да Нарында аз күн ичинде кайрадан митинг өтүп, бул жолу сизди кызматтан кетсин деген талап болот деген маалыматтар байма-бай чыгып жатат. Буга кандай жооп айтасыз?
— Жогорку Кеңеште маалымат бергенимде, ал жерден бул маселени Камчыбек Жолдошбаев айткан. “Көмүр менен камсыз кыла албасаң кетесиңби?” — дегенде, мен “кетем” дегем. Азыр Нарын шаарында көмүр жетиштүү. Андыктан менин кызматтан кетүүмө эч кандай негиз жок. Эгер Нарында такыр көмүр жок болсо, анда мен бул боюнча өзүнчө чечим кабыл алмакмын. Кызматтан кет десе эле, мен кете бермек белем. Эл үчүн иштеп келгенбиз, дагы да иштей беребиз. Кызмат атамдан калган мурас эмес. Өткөрүп бере турган күн да келет. Ага чейин эл үчүн ак кызматымды аткарып иштей берем.
— Эми башка маселелерге өтөлү. Нарында өткөн жылдагы көрсөткүчтөр тууралуу айтсаңыз?
— 2016-жылы өзүбүз бардык тармактар боюнча алдыга койгон пландарды аткардык. Мындай көрсөткүчкө жалпы Нарын элинин бирдиктүү аракети, ак эмгеги менен жеттик деп эсептейм. Албетте, айрым кемчиликтер бар. Иш болгон жерде кемчилик да болот экен. Быйыл да ал кемчиликтерди жоюунун үстүндө иштейбиз. Сөзүм куру болбосун, кээ бир көрсөткүчтөргө учкай токтоло кетели. 2015-2016-жылдары башталган 54 курулуш мекеменин 9ун бүтүрүп, ишке бердик. Курулуштун саны дагы көбөйөт. Быйыл да бир тобу бүтөт. Өнөр-жай боюнча 2 миллиард 371 млн. сом продукция өндүрүлдү. Мурунку жылга салыштырганда, 374 млн. сомго көп өндүрүлдү. Айыл чарба тармагында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 14 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч былтыркыга караганда арбын. Ал эми тикелей инвестиция тартуу боюнча да жылыш бар. Көлөмү 2,571 млн долларга жетти. Мамлекеттик статистика комитетинен 9 айдын жыйынтыгы боюнча 1500 доллар инвестиция тартылды деп туура эмес маалымат берилип калыптыр. Мындан тышкары, башка ыкмалар менен тартылган инвестициялар тикелей инвестицияга кирбейт экен. Мисалы, Ага-хан менен сүйлөшүп Нарын шаарындагы паркты эң сонун кылып, заманбап кылып жасаттык. Биздин Нурбек деген ишкерибиз 600 миң долларга заманбап кылып хоккей стадионун ачты. Булар тикелей инвестицияга кирбейт экен.
Нарындагы эң негизги көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө бир катар жигердүү иштерди баштап жатабыз. Маселен, облустагы 60тан ашуун айыл өкмөттөрдүн ар бирине заманбап ветеринардык клиника куруу планын ишке ашырууну колго алып жатабыз. Каражат булагы АРИСтен бөлүнөт. Айыл эли да тиешелүү үлүшүн чогултуп бериши керек. Бир ветеринардык клиника 18 миң долларга курулмакчы. Ал эми ветеринардык клиникалары бар 12 айыл өкмөт ал акчага техникаларды алууну пландап жатышат. Бул ишти жүзөгө ашырып алсак, малыбыз ар кандай оорулар менен оорубай таза болот, этибиз экспортко тоскоолдуксуз чыгат деген ишеничтемин. Жасалма уруктандырууну жолго коюп, эт, сүт багытындагы малдарды көбөйтүү маселесин да күчөтөлү деп жатабыз.
Андан тышкары, Нарын шаарына Эт комбинатын салуу ишин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашыралы деген ниетибиз бар. Бирок күрөө маселеси бир аз кыйын болуп турат. Акырындык менен аны да чечебиз. Ошондой эле тогуз жолдун тоому деп Кочкорго атайын заманбап картошка сактоочу жайды куруу боюнча Япония элчилиги, “Жайка” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар башында 100 миң доллар берели дешкен. Бирок, азыр 85 миң доллар берүү чечимине токтолушту. Себеби, 15-20 пайызын жергиликтүү эл чогултсун деген талапты коюп жатабыз. Бул акчага 5-6 миң тонналык атайын жай курулат экен. Эл деле картошка сатуу азабын, сактоо түйшүгүн жакшы түшүнүп калды. Андыктан заманбап картошка сактоо жайын курууга өз үлүштөрүн өз убагында кошушат деген ишеничтемин. Азыр бул боюнча да иштер жүрүп жатат. Буюрса, жаз айларында иш башталып калат. Маселен, күзүндө картошканы ошондой ишенимдүү жайда сактап туруп, анан жазга маал кымбаттаганда сатып ийсе жакшы киреше табышат да. Бирок бизде мындай иштердин баары иш жүзүндө башталып, колдонууга берилгенче эл алгач ишенбей жатпайбы. Мисалы, биздин облуста мурун күнөскана, балык чарбасы өнүккөн эмес. Азыр, облус боюнча 15 чакты күнөскана, 25тей балык чарбасы иштеп жатат. Башында буга деле эл ишенбей турган, азыр ишенип, өздөрү аракет кылышып улам көбөйтүп жатышпайбы. Демек, биз картошка сактоо жайын алгач жакшылап ишке киргизип алсак, анан эл улам көбөйтүп өздөрү кура берет.
— Облустагы дотациянын көлөмү азайып жатабы?
— Буюрса, азайып жатат. Былтыр 48, 8 пайыз болсо, азыр 47, 7 пайызды түзүп турат. Тилекке каршы, былтыр Ат-Башы району дотациянын көлөмүн көтөрүп жиберди. Жумгалда Чаек айыл өкмөтү дотациядан чыкты, жакында Байзак, Кабак айыл өкмөттөрү да дотациядан чыгуу мүмкүнчүлүгүнө жакындап калды. Бул айылдар көмүр казуунун көлөмүн 1 млн тоннага жеткирсе анда дотациядан чыгып калат.
Маектешкен Айбек Шамшыкеев