Домой Саясат Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ, КР Президенти: “Коррупцияга каршы күрөштө элдин, коомчулуктун, мамлекеттик эмес уюмдардын...

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ, КР Президенти: “Коррупцияга каршы күрөштө элдин, коомчулуктун, мамлекеттик эмес уюмдардын күчүнө да таянабыз”

56
????????????????????????????????????

           

????????????????????????????????????

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-февралда Баткен облусуна эки күндүк жумушчу  viagra without a prescription uk. сапары менен барды. Алгач өлкө башчысы Исфана шаарында Лейлек районунун, Исфана жана Сүлүктү шаарларынын жашоочулары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы бул жолугушууда өзүнүн президенттик мөөнөтүндөгү артыкчылыктуу багыттарын айтып, 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын эске салды. “Өлкөнү өнүктүрүү үчүн  аймакты өнүктүрүү керек, бул менин ишимдин артыкчылыктуу багыты болот. Ал бир жыл менен эле чектелбейт. Бул маселени мен дайыма көңүл борборунда кармайм.  Аймактардын негизги маселеси бул – социалдык объекттерди куруу, инфраструктураны, ирригацияны өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, жумушчу орун түзүү жана айыл чарба продукциясын сатуу. Бул багыттарда  биз системалуу иш алып барабыз жана ал иштер менин такай көзөмөлүмдө болот. Эң башкысы, бюджеттик, гранттык жана инвестициялык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу. Ошондой эле жергиликтүү бийликтерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк берип, алардын жоопкерчилигин да жогорулатабыз”, — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы өлкөдө коррупцияга каршы күрөш күчтөнө турганын айтып, аны менен күрөшүүдө элдин, коомчулуктун, мамлекеттик эмес уюмдардын күчүнө да таяна турганын белгиледи. “Албетте, бул күрөштө биз бир гана укук коргоо органдарына эле таянбастан, элге, коомчулукка, мамлекеттик эмес уюмдардын күчүнө да таянабыз. Элдик колдоого алынган бул аракетибиз өз жемишин берет деген тилектебиз”, — деди ал.

С.Жээнбеков ошондой эле тышкы саясат маселелерине да токтолуп, өзүнүн коңшулаш өлкөлөргө болгон визиттери тууралуу айтып берди. «Көп убакыттан бери чечилбей келген чек ара маселелерин чечүү багытында бир топ алгылыктуу аракеттерге жетише алдык. Биз дээрлик бардык маселелер боюнча Өзбекстан менен бир пикирге келдик. Ошондой эле Тажикстан менен чек ара маселелеринде эки тараптуу сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп, жакынкы күндөрү көптөгөн маселелерди чечүүгө жетишебиз. Чек араларыбыз араздашуунун эмес, достуктун негизи болууга тийиш”, — деп белгиледи президент.

Жолугушууда жергиликтүү жашоочулар коррупцияга каршы күрөшүү, региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты колдой тургандыктарын билдиришти, ошондой эле инфраструктуралык обьектилерди куруу боюнча жасалган иштер үчүн ыраазычылык айтышты.

 

Мамлекет коопсуздугу чек арадан башталат

Президент лейлектиктер менен жолуккан соң Исфана шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын жоокерлери үчүн курулган көп батирлүү үйдүн ачылышына катышты. Сооронбай Жээнбеков жаңы конуш ээлерин куттуктап, мамлекет чек арачылардын турмуш шартын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. “Мамлекет коопсуздугу чек арадан башталат. Ошондуктан бүгүн мен чек ара кызматчылары үчүн жаңы үйдүн ачылышына катышып жатканыма кубанып жатам. Акыркы жылдары мамлекет өз армиясына, чек арачыларга ар тараптан камкордук көрө баштады. Бул иште мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин эмгеги чоң. Биз мындан ары да Куралдуу күчтөрдү, анын ичинде Чек ара аскерлерин ар тараптан бекемдеп, аскер кызматчыларынын жашоо-тиричилигин, кызматтык шарттарын жакшыртабыз”, — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы кошуна өлкөлөр менен тынчтыкта жана ынтымакта жашап, проблемаларды сүйлөшүүлөр  аркылуу чечүү керектигин баса белгиледи. “Алыскы туугандан – жакынкы коӊшу” дегендей, биз коӊшуларыбыз менен ынтымакта жашоону жактайбыз. Биздин чек араларыбыз жакшы коңшулардын, достуктун дарбазасына  айланууга тийиш. Коңшу өлкөлөргө менин визитимдин жүрүшүндө Өзбекстандын Президенти Шавкат Миромонович Мирзиёев  менен  биз  көптөгөн маселелер боюнча өз ара кабыл ала турган  чечимдерге жетише алдык.  Мурда Өзбекстан менен  чек аранын 85 % аныкталган. Биз бул багытта  диалогду  улантабыз. Тажикстан  менен дагы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жакшы нукта улантылууда”, — деди президент.

 

Кыргызстандын айыл чарба азыктары дүйнөлүк рынокто атаандаштык түзө алат

Жакында Баткен шаарында биофабриканын курулушу аяктаган. Айыл чарба багытындагы биодары-дармектерди чыгарган бул ишкана облуста органикалык жактан таза айыл чарба азыктарын өндүрүүгө жол ачат. Аталган ишкана менен таанышууга барган президент Сооронбай Жээнбеков биофабрикаБаткен облусунун калкынын жашоосун жакшыртуу максатында иштейт деген ишенимин билдирди.“Биологиялык фабриканын ачылышы бүтүндөй республика үчүн абдан жакшы жаңылык. Биофабрика экологиялык жактан таза продукция чыгарууда зор мааниге ээ. Бул жерде айыл чарбасынын зыянкечтерин жок кылган, ошол эле учурда адамдын ден-соолугуна зыяны жок дары-дармектер чыгарылат. Айыл чарбалуу деп эсептелген Баткен аймагына дал ушундай ишкана керек эле”, — деп баса белгиледи президент.

С.Жээнбеков Кыргызстандын айыл чарба азыктары ЕАЭБдин рынокторунда, дүйнөлүк рынокто атаандаштык түзө аларын айтып, ал үчүн айыл чарбасында туура саясат жүргүзүп, фермерлерибизди колдоп, аларга туура багыт бериш керектигин белгиледи. Президент Кыргызстандын келечеги экологиялык жактан таза продуктыларды өндүрүүдө, ошондуктан фермерлер бүгүнкү күндө Бишкекте, Ошто, Баткенде иштеп жаткан жана Нарында курула турган биофабриканын дары-дармектерин пайдалануусу зарыл экендигине токтолду. Биофабрика 25-30 адамды жумушчу орун менен камсыз кылат. Ишкананын жалпы сметалык наркы – 14 млн. сом.