Домой Саясат Мискенбаев: «Сооронбай Шарипович, абийир сотуна келиңиз!»

Мискенбаев: «Сооронбай Шарипович, абийир сотуна келиңиз!»

157

4-октябрда Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча отурум өтүп, кийинки жараян 6-октябрга калтырылгандыгына байланыштуу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев өзүнү социалдык баракчасына төмөнкү билдирүүнү калтырган.

Бүгүн «Кой-Таш» окуясы боюнча катардагы соттук отурум башталбай туруп, кийинкиге жылдырылды. Анын себеби, ишке түздөн-түз катыштыгы бар, буйрук берген Сооронбай Жээнбеков жана аны сатып, качып кеткен эң ишенчээк офицерлери Опумбаев менен Кашкар Жунушалиевдин көргөзмөсү жоктугу.
Сооронбай Шарипович, сотко келиңиз! Жалгыз калдыңыз! Сизди эле күтүп отурабыз.-деп жазган.
Эсиңиздерге салса кетсек, 2019-жылдын август айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган. 8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.