Домой Саясат Кабай Карабеков жалган маалымат жазганын мойнуна алды, эми башкалар андан үлгү алабы?

Кабай Карабеков жалган маалымат жазганын мойнуна алды, эми башкалар андан үлгү алабы?

78

                Kabaj-Karabekov-1

Өткөн жылдын сентябрь айында, президенттик шайлоонун үгүт иштери жүрүп турган маалда талапкерлердин бири Ө. Бабановдун камчысын чаап иштеп жүргөн журналист Кабай Карабеков маалымат агенттиктеринин бирине «Визит в Сочи. Кремлю вновь объяснят, чем хорош преемник?» деген темада макала жазып, анда ошол учурдагы башка талапкер Сооронбай Жээнбековдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтире турган жалган маалыматтарды жазган эле.

Натыйжада С. Жээнбековдун штабы ал маалымат агенттигин дагы, журналисти дагы сотко берген. Соттук териштирүүлөрдө журналист өзүнүн жазганын конкреттүү фактылар менен далилдеп бере албаган. Натыйжада соттун чечими менен маалымат агенттиги 5 миллион, журналист дагы 5 миллион сом айып пулга жыгылган. Кийин президент С. Жээнбеков маалымат агенттигинен 5 миллион сомду өндүрүү талабынан баш тарткан. Бирок, журналист Кабай Карабековго чегерилген 5 миллиондук айып пул ошол боюнча калган.

Албетте, Карабеков айып пулду төлөбөй кутулууга жакшы эле аракет кылды. Куугунтук көрүп аткандай түр жараткысы да келди. Бирок, акыры өзүнүн жалган жазганын мойнуна алып, маалымат булактарынын бирине: «Мен 5 миллион сомду төлөп берүүгө макулмун. Бирок, этап-этап менен. Акча каражатын издейм» деген чындыгын айткан.

Абийирдин ойгонушу деп ушуну айтыш керек. Демек, ал өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алып атат. Эми айып пулду да эртерээк төлөп кутулуп, башкаларга үлгү болушу керек. Сөз эркиндиги жалган маалыматтардан тазаланып атканын бир үлгүсү катары ушул көрүнүштү айтсак болот.

cialis generico en farmacias.