Бишкекте коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жаткандыгына байланыштуу тойканаларда 100 кишиден ашык жыйнаганга тыюу салынганына карабастан экс-президент Сооронбай Жээнбеков 250 адамга ооз ачтырганын Сарыбай Борончиев аттуу Фейсбук колдонуучусу жазып чыкты.
Маалыматта 29-апрель экени айтылат. Кызыгы бул учурда кыргыз-тажик жаңжалы кызуу жүрүп жаткан эле. Социалдык тармактын колдонуучулары «чек арада мекендештер жан берип жатса булар чогулуп алып кантип эс алып отурушту экен» деп жазышууда.
birge.press.kg