Домой Аналитика М. Аспековдун Садыр Жапаровдун шайлоо компаниясын Жээнбековдор каржылады деген билдирүүсү боюнча аппарат...

М. Аспековдун Садыр Жапаровдун шайлоо компаниясын Жээнбековдор каржылады деген билдирүүсү боюнча аппарат үн катты

39

Президент Садыр Жапаровдун пресс-катчысы Галина Байтерек  жергиликтүү ММКлардын бирине  Мелис Аспековдун кезексиз президенттик шайлоого чейин Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдон жана анын бир тууганы Асылбек Жээнбековдон 10 миллион доллар алган деген билдирүүсүнө комментарий берди.

Галина Байтеректин айтымында, бул таптакыр калп жана туура эмес маалымат. “Аспеков мындай билдирүүлөрү менен коомду адаштырып жатат. Бул эч качан болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Анын сөздөрүнө олуттуу деле маани бербеш керек. Опузалап пара алгандыгы үчүн камакка алынганын эске салсак жетиштүү болот. Ушундай айыптоодон кийин, анын айткандарына кантип ишенесиң? ” – деп белгиледи Галина Байтерек.