Домой Саясат Коррупционерлердин “кара тизмеси” масштабдуу түзүлүүгө тийиш

Коррупционерлердин “кара тизмеси” масштабдуу түзүлүүгө тийиш

75

pharm support group drug viagra. bc947c06540a7232609801ef99ede716e87ab768

 

Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев маалымат булактарынын бирине Кыргызстанда коррупция, мамлекеттин мүлкүн уурдоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча жоопкерчиликке тартылган жана соттолгон сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин реестри түзүлө тургандыгын билдирди. “Бул реестр бизге эмне үчүн керек? Бул боюнча соттолгон жана соттун өкүмү чыккан кишилер мындан ары мамлекеттик кызматтарга кайра орношуп албашы үчүн жана кайсы бир кызматка кирип албашы үчүн керек”, — дейт ал.

Ошондой эле ал коррупция жана мамлекеттик мүлктү уурдоо фактылары боюнча негизсиз токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштери жаңыртыларын жана иликтөө иштери улантыларын да кошумчалаган.

Албетте, бул колдоого ала турган демилге. Коррупционерлердин “кара тизмесин” түзүп, ар бир мекеменин кире беришине бадырайта илип койсок да туура болот. Бирок, Сагынбаевдин айтымында коррупционерлердин тизмеси сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери боюнча гана түзүлөт экен. Мына ушул жагынан алганда бир аз толуктоо керек сыяктуу.

Биздин өлкөдө коррупцияга белчесинен баткандар бир гана укук коргоо органдары, сот, көзөмөл органдарында эмес. Андан тышкары башка тармактарда да толтура. Үлкөн кызматтарды ээлеп келишкен экс-чиновниктердин арасында да бар. Андыктан бул тизмени масштабдуу деңгээлде түзүү керек.

Эгерде өлкөбүздөгү бардык тармактар боюнча, жогорку кызматтарда иштегендер, иштеп кеткендер, депутаттар, экс-депутаттар, саясатчылардын бардыгынын арасынан коррупционерлердин тизмесин түзсөк, элибиздин кимдин ким экенин жакшы били палат.

Мына ушул тизменин сап башына ошондо экс-спикер Акматбек Келдибеков кошулат. Анын спикер кезинде Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн мыйзамсыз түзгөнү, ага толтура мамлекеттик каражат сарпталганы сот аркылуу тастыкталган. Андан сырткары Соцфондду, Салык кызматын жетектеп турганда да мамлекеттик казынасына кол салып жибергени белгилүү.

Ушул эле тизмеде Акаевдин маалында Маммүлктү жетектеп туруп 342 мамлекеттик обьектини арзан баада менчиктештирип жиберген Равшан Жээнбековдун караанын көрүп калабыз. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин россиялык ишкерге «Мегаком» компаниясын алып берем деген убада менен 1 миллион доллар алганы далилденген Ө. Текебаев да тизменин башына турат. Анын партиялашы Д. Чотоновду да жанына кошо жазыш керек.

ЖК депутаты И. Пирматовдун да үстүнөн козголгон кылмыш иши бар, убагында аны сот жоопкерчилигине тартууга парталаштары уруксат бербей койгон. Демек, аны да бул тизмеге кошсо болот.Акылбек Жапаров,Чудинов айтып олтурса толтура .

Айтор, коррупционерлерди жалпы өлкөбүздөн, саясаттан да издеш керек. Ошондо гана коррупционерлерден тазалана алабыз. Коррупцияга аралашуу, казынага кол салуунун арты жакшы болбой тургандыгын баары билип, келечек муунга сабак болот.