Домой Коом Шайлоо 2021: Талапкер менен жолугууга адамдарды массалык жеткирүү фактылары катталды

Шайлоо 2021: Талапкер менен жолугууга адамдарды массалык жеткирүү фактылары катталды

37

Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу адамдарды массалык жеткирүү факты боюнча 2 мыйзам бузууну каттады. Бул тууралуу аталган топтун өкүлү Чынара Исмаилова бүгүн, 8-январда билдирди.

Адамдарды массалык жеткирүү боюнча мыйзам бузуулар 6-январда Бишкек шаарынын Ленин районунда жана Кара-Суу районунда катталган. Бул эки мыйзам бузуу президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда болгон.