Домой Коом Садыр Жапаров: эң арзан тамак-аш Кыргызстанда

Садыр Жапаров: эң арзан тамак-аш Кыргызстанда

61
Дүйнө жүзү боюнча салыштырып көрсөңөр эң арзан тамак-аш Кыргызстанда. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анда журналист доллардын куну төмөндөп жатканын айтып, бирок бензин, азык-түлүк жана башка товарлардын баасы арзандабаганын белгилеп, президенттин бул боюнча пикирин сураган.
«Кошуна мамлекеттер эле эмес, дүйнө жүзү боюнча эң арзан тамак-аш Кыргызстанда. Изилдеп салыштырып көрсөңөр толук ынанасыңар. Бир гана күйүүчү май Казакстан менен Россияда бизге караганда арзан. Бирок бул мамлекеттер нефтинин чордону экенин унутпашыбыз керек. Өздөрүн гана камсыздабастан башка мамлекеттерге дагы экспорт кылышат», — деди Жапаров.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жашоо былтыркыга салыштырмалуу 16,7 пайызга кымбаттаган.