Домой Коом БШК: КТРКнын директоруна жана бир топ талапкерге айып салынды

БШК: КТРКнын директоруна жана бир топ талапкерге айып салынды

61

Үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн айыпка жыгылгандар төмөнкүлөр:

Өзгөн районунда «Кароол айылынын элдик коому» коомдук фондунун жетекчисине талапкердин штабы менен макулдашпай туруп үгүт материалдарын чыгарганы үчүн 7500 сом;

Талапкер Адахан Мадумаров — үгүт иштерине жашы жете элек балдарды катыштырганы үчүн талапкердин Баткен райондук штабынын жетекчисине 7500 сом;

КТРК — шайлоо процессинин катышуучуларына маалыматты бирдей жеткирүүдө эреже бузганы үчүн, тагыраак айтканда, теледебаттын 1-турунун 30-декабрдагы видеосунун YouTube каналынан өчүрүлүшү боюнча телеканалдын директору Бактияр Алиевге 5500 сом;

Талапкер Имамидин Ташов — үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштаганы үчүн 7500 сом;

Талапкер Садыр Жапаров — эл менен жолугушуу учурунда театралдаштырылган көрсөтмө уюштурганы үчүн анын Каракол шаары боюнча штабынын жетекчиси А.А. Коробаевге 7500 сом;

Талапкер Бактыбек Калмаматов — үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштаганы үчүн 7500 сом;

БШКнын маалыматы боюнча, жогоруда аталган тараптардын баары айып пул төлөп, кутулган.