Домой Саясат Абдибаева Айсара: Коомду ар бирибиз өзгөртө алабыз

Абдибаева Айсара: Коомду ар бирибиз өзгөртө алабыз

33

«Ишеним» саясий партиясынан талапкер Айсара Абдиевадан кыскача маек алдык.

— Сиз шайлоого эмнеге аттандыңыз, бул эмнени өзгөртөт? — Кыргыз мамлекетинин атуулу, эне, кесипкөй адис катары өлкөнүн учурдагы абалына, жардамга муктаждыгына кайдыгер кароого акым жок. Албетте коомду, учурду ар бирибиз өзгөртө алабыз, болгону таза, чын пейилден колдон келген кызматты жасаш керек.

— Мен сизге эмнеге добуш беришим керек?
– Мен бардык доордо коомдун жүгүн тең көтөргөн аялмын, энемин. Эне коомду түптөп, сактап, тубаса дипломат катары теңдеп турат.

— Программаңыз кандай жана аны кантип ишке ашырасыз?
– Банк системасында иштеп, элдин кичи, чоң, ипотекалык насыялар менен кантип тонолуп, кыйналып жатканын адистин көз карашы менен түп тамырынан көрүп турам. Ушул багытта карапайым элге мен көп алгылыктуу иштерди жасап бере алам, мисалы жеңилдетилген насыялар, мөөнөтүн узартуу, башкы төлөмдөрдү жок кылуу сыяктуу. Ушул багытта иш адис катары мамлекеттик деңгээлде маселелерди көтөрүп, элдин экономикалык абалын оңдоого салым жасалмак. Эли жакыр мамлекет өнүкпөйт.

— Эмнеге «Ишеним» партиясын тандадыныз?
– Биринчиден бул жерде идеясы курч, мамлекетти тонобогон, билими терең, маңдай тери менен ийгиликтерди жаратып жаткан жаштар бар. Экинчиден, биздин партиялаштар эл ишениминен чыга элек.

— Азыркы тапта эл менен болгон жолугушуулар кандай өтүүдө?                                                                                        — — -Аксы районундагы Кош-Дөбө айлындагы жолугушуулар жана Кербенде, Кызыл-Жар, Ала-Бука районундагы жолугушууларда элдин маанайы жакшы болуп, колдоп жатышат. Ошондой эле көйгөйлүү талаптары менен кошо каалоо-тилектерин айтып чыгышты.

“Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күб.№6, 01.09.2021 ж.).