Домой Коом Садыр Жапаров Башкы прокуратурага сурак берип чыкты

Садыр Жапаров Башкы прокуратурага сурак берип чыкты

27
Маалыматка караганда, өлкө башчы 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча күбө катарында суралды.
Белгилей кетсек, буга чейин ушул эле окуя боюнча УКМК башчысы Камчыбек Ташиев сурак берип чыккан.
2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь коогасына быйыл 12 жыл болот. Расмий маалыматтар боюнча, бул каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жаракат алган.
57 адам дайынсыз жоголуп, 19у бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.