Мыйзам, Тартип, Мамлекет!
Урматтуу мекендеш,
30 жылдан бери кыргыз көчү өз жолун таба албай жаткандай сезилет. Ары урунабыз, бери урунабыз жыйынтык жок. Жаңылануу керек. Жаңы жүздөр керек. Жаңы ойлор керек.
Жаш болсом да мамлекеттик кызматта, жеке сектордо тажрыйба, билим топтодум. 35 жашка чыктым, адам баласына таандык болгон күчкө толгон, ишке, ашка тойбогон, тиши менен таш чайнай турган убакта турам. Ошол күчүмдү билимимди мамлекетибиздин бутуна турушуна,
өнүгүүсүнө жумшайын деген тилегим, ниетим бар. Аткарылгыс убада бергим келбейт, кулакка уккулуктуу убада да бергим келбейт. Бирок ыйык мекенибизге ак ниетим менен, болгон күчүм менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын туу тутуп кызмат кылам деген убада бергим келет.
Менин программам жөнөкөй:
1. Колду таза кармап
2.Мыйзамдарды кынтыксыз сактап
3.Элди алдабай
4. Келечектеги муундарды ойлоп
Ыйык Мекенибизге -Кыргыз Республикасына ак эмгек кызмат өтөө.
“Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күб.№6, 01.09.2021 ж.).