Домой Саясат Сариев, Текебаев, Акундун айткандары

Сариев, Текебаев, Акундун айткандары

63

Өмүрбек ТекебаевӨкмөт башчы Темир Сариев кечээ күнү Жалал – Абадга болгон иш сапарында, жергиликтүү эл менен жолугуп:  “Биздин өлкөнүн 1 сантиметр жери эч кимге берилбейт. Бул – президенттин, өкмөттүн так, ачык позициясы. Биздин колубузда турган документтер бар. Ошонун негизинде гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз” – деп кесе айтты. Өкмөт башчынын бул айткандарына ишенип туралы. Ал ортодо чек арадагы кырдаалды БОКтун лидерлери Кадыров, Бекназаров, Асанов деген өз кызыкчылыктарына пайдалануунун аракетин издеп, араң эле турушат. Ал эми мындай кырдаалда куюшканга кыпчылган тезектей болуп Турсунбек Акун:  “Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сары-Булак айылын Убактылуу өкмөт өзбек тарапка өткөрүп берген”, — деп жар салып жиберди эле, Акундун сөзүн  Өмүрбек Текебаев: “Убактылуу өкмөт иштеп турган учурда Кыргызстанда чек ара маселелери талкууланган эмес” — деп бир сүйлөм менен жокко чыгаргандай  болду.