Интернет булактарына оппозиционерлер Кубаныч Кадыров менен Бектур Асановдун, бийликти басып алуу тууралуу пландары талкууланган аудио жазуусу жарыяланды. Экөөнүн сүйлөшүүсүндө Чүйдүн тургундарын коркоктор деп атайт. «Эки революцияда тең Чүй менен Бишкек катышкан эмес. Чүйдө коркоктор, айтып коёюн. Алар «Акаев кетсин» же «Бакиев кетсин» деп чыгышкан эмес» — дейт. Демек, Кубаныч мырзанын логикасына таянсак, бийликти кетсин деп айта албагандардын баары эле коркоктор болуп калат турбайбы? Экинчиден, ал бул пикири менен элди бөлүп-жарып аткан жокпу. Кыязы, бул бийликти басып алуу планынын башкы көзүрү Кубаныч Кадыров окшойт. Анын айтымында элди көтөрүп чыгуу үчүн ар бир районго 10 миң сомдон бөлүнөт экен. Ал эми алардын уюштуруучуларына 1000 доллардан чай пул берилет. «Ар бириңерге үй-бүлөңөргө чай-пай үчүн таза 1000 доллардан берилет. Андан тышкары, облустар үчүн иш-чараларга, бирдиктерге 100-150 миң сомдон бере алабыз» — дейт ал. Ошондо Бектур Асановдун берип турган суроосуна көңүл бурбайсызбы: «Революция кылган күнгөбү?» — дейт. Демек, Бектур мырза да эптеп революциянын арты менен акча жасап калайын деген экен да. Ал эми бул суроого Кубаныч Кадыров, «жоок, жөн эле» — деп жооп берсе, Дуулат Турдуналиев, «элди бышырганга» деп жооп берип атат. Демек, алар элди бышырганга ушунча акча сарпташса, революция жасай турган күнгө канча акча жумшоолору мүмкүн? Баарынан дагы алар бул акчаны кайдан алып жатышат?.. Бакиевдерденби же океандын ары жагынанбы?..