Домой Саясат Мариповдун артында Шадиев менен Илмиянов турат

Мариповдун артында Шадиев менен Илмиянов турат

98

Аскарбек Шадиев

37 жаштагы Улукбек Мариповдун Эсептөө палатасынын төрагасы болорун алгач биз жазып чыктык эле. Акыры ошондой эле. Бул мырза, жаш болсо да, өзүнүн ийкемдүүлүгү менен бийликке өтө жаккан жайы бар. Акаевдин тушунда, так айтканда 2003-2005-жылдары Баткенде губернатор болуп турган Аскар Шадиевдин жардамчысы болгон. Андан кийин Шадиев ЖКга депутат болуп келгенде, ал жерде да консультант болуп турду. Аскар мырзанын жардамы мененби же башкалар түрттүбү, айтор 2008-2010-жылдары Бакиевдин үй-бүлөлүк саясатка айланган президенттик администрациясында бир катар жооптуу кызматтарда “жорголоп” иштеген. Жаңы бийлик келгенде 2011-2015-жылдары  Президент Атамбаевдин жардамчысы болгон. Ал эми бир жылдан бери президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгын аркалап келгендиги маалым. Эми өзүңүз ойлоп багыңыз. Мариповду Бакиевдин тушунда, үй-бүлөлүк бийлик менен жылуу мамиледе болуп келген Аскар Шадиев таптап келсе, андан кийинки мезгилде Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири Икрам Илмиянов бапестеп, карьерасына “жашыл жол” ачып берип тургандыгы тар чөйрөдө кызуу талкууга алынууда. Улукбек мырзанын Эсептөө палатасына төрага болушуна биринчи кезекте ЖКнын Бюджет жана каржы комитетин мыкчып отурган Аскар Шадиев менен президенттин жардамчысы Илмиянов кызыкдар болду. Айтмакчы, бул эки фигура акыркы мезгилдерде Салык кызматынын төрагасы Замир Осмоновду катуу калкалап жатышат. Неге дегенде Осмоновдун али эл биле элек орунсуз иштери көп болсо да, булар жан тартып турат. Шадиев комитеттин төрагасы болсо да эч унчукпайт. Бир мандем бар сындуу сезилет?.. Кыскасы, саясый карьерасынын чагылгандай тездик менен өсүп жатканына эл гана эмес, өзү да таң калып жаткан Улукбек мырзанын таалайы таштан чоң экен. Эми ажону уят кылбай иштеп кетсе болду. Айтор, бул маселеге да кезеги келгенде журналисттик иликтөө жүргүзөрбүз. Бул макалада айтылган 4 фигураны эмне бириктирип турат деп ойлойсуз? Албетте, жердешчилик жана акча эмеспи…