«Мегаком» ишканасын жеке менчикке өткөрүү үчүн сатыш керек. Мындай пикирин мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, жеке менчик компаниялар мамлекеттик компанияларга караганда кыйла алдыда.
«Мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүнү колдойм. Анткени алардын алып келген пайдасы жеке менчиктен түшкөн пайданы бере албайт. Жеке менчик ишканаларды башкаруу жана чечим кабыл алуу жеңил. Ал эми мамлекеттик ишканада чечим алуу кыйын. Жогору жактын буйругун күтүп отура беришет.
Бизде «Мегаком» бар мына ошол компанияны да сатыш керек. Ага караганда «Нур телеком», «Билайн» кыйла кирешелүү жана ыңгайлуу»,- деди Сариев.