Домой Саясат Мүлк фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов кызматтан кетти

Мүлк фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов кызматтан кетти

29

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдиришти.

Маалыматка караганда, башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов кызматтан өз каалоосу менен кетүүгө арыз жазган.

Исакулов кызматкерлери менен жоолугушуп,«Бир жарым жыл ичинде биздин фонддун иши ачык-айкын болуп, бюджеттик планды аткаруунун негизги милдетин аткардык. Ошол себептүү мындан ары да ак ниеттик менен ишти улантуу керек», — деп билдирген.

Белгилей кетсек, Жылдызбек Исакулов Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп, 2019-жылы август айында дайындалган.