Өкмөттүн чогулушу болуп, анда сөз алган Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой агенттигинин деректири Сабир Атаджанов сөзүн чоюп жибергенде, премьер Сооронбай Жээнбеков убакыт бүттү деп эскертет, тиги дале болбой окуй берет. Ошондо премьер эми бир эскертсе, деректириң дагы 10 мүнөт сөз сурап жатпайбы. Тажап кеткен Сооронбай мырза тигини, “клоун болбоңуз, тартибиңиз да өзүңүз башкарган чарбанын ишиндей экен” — деп кайран деректирдин жүрөгүн түшүрүптүр. Кудай сактагай эле…