Ош шаардык кеңеши эки күн мурун КСДП, “Мекеним Кыргызстан” жана “ Бир Бол” партияларынын жалпы 27 депутаты көпчүлүк коалициясын түзүп, биринчи жыйынга чогулушту. КСДПчы Жапарбек Ормоновду спикер кылып, шайлап алышты. Башкасы го мейли, ЖКда оппозиция сөрөй болуп олтурган “Бир Бол” коалицияга биригип алганы логикага такыр эле сыйбайт. Лидер Алтынбек Сулайманов бийликтин бир жери ачыла калса эле, башын тыга албай араң эле турат. Мындай мүмкүнчүлүк Ошто орун алды. Эми бул жаңы депутаттар Ош шаарынын мэри Айтамат Кадырбаевдин ишмердүүлүгүн карап чыгып, кайра шайлоо маселесин козгошу толук мүмкүн. Деги эле, мэр жаңы депутаттардын алдынан өтүшү шарт. Ал ортодо мэрликке ат салыша тургандардын да аты атала баштады. Алардын эң эле биринчиси албетте, Айтмамат мырза өзү. Дагы бир мүмкүнчүлүгү барлардын катарында Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Абдывахап Нурбаев да бар. Эгер Президент Айтмаматка ак батасын бербей койсо, анда Абдывахап мэр болуп калышы ыктымал. Ал буга чейин Ош шаарында депутат болгон, маселени, көйгөйдү билет.