Экс премьер-министр Темир Сариевдин Нурлан Султанов деген жардамчысынын ишмердүүлүгү коомчулукта көп суроолорду туудуруп койду. Бул жигиттин ысымы Балыкчы-Корумду жолундагы коррупцияда көп аталды эле, бирок суудан кургак чыгып кетти. Сариевдин Кырдрам театры менен Улуттук филармонияга бөлгөн 12 млн. сом боюнча, ал акчага тендерсиз, кымбат баада сатылып алынган машинелер окуясында да аты аталып жатат. Чынында Султанов бул иште өзү көрсөтмө берип, өзү тейлеп жүргөн дешет. Директорлор Темирлан Сманбеков менен Кыргызбай Осмонов негедир бул иш тууралуу унчугушпайт. Кыязы, “жабылуу аяк жабылуу” бойдон калсын дешкен го. Бул маселе боюнча жазылган “Маданияттын мафиялары” деген кеңири макаланы гезитибиздин 6-7 беттеринен окуңуздар.