Домой Саясат «Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова суракка чакыртылды

«Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова суракка чакыртылды

63

Белгилүү жарандык активист, “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулованы ИИМ суракка чакырды.

Бул маалыматты социалдык түйүндөгү баракчасына Клара Сооронкулова өзү бөлүшүп, 2020-жылдын окятбрь окуяларындагы башаламандыктар боюнча күбө катары чакырылганын билдирген.

“2020-жылдын 5-6-октябрындагы массалык башаламандыктар боюнча окуяны дагы деле иликтеп жатышыптыр. Ошол окуяларга жана келип чыккан кесепеттерине укуктук баа берилип калаар. Мен 6-окятбрда Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш болгон деп күбө болуп бергенге даярмын”, — деп жазган Клара Сооронкулова.