Домой Аналитика Афганистандын Тажикстан менен чектеш аймагы “Талибандардын” карамагына өттү

Афганистандын Тажикстан менен чектеш аймагы “Талибандардын” карамагына өттү

14

Афганистандагы “Талибан” исламчыл кыймылы өлкөнүн Тажикстан менен чектеш аймактагы жерлерди өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирген.

Маалым болгондой, исламчыл кыймыл афган-тажик чек арасындагы Имам Сахиб аймагын басып алган. Бул аймак Тажикстандын Хатлон облусу менен чектешет. Мындан сырткары, “Талибан” кыймылы азыркы учурда Афганистандын маанилүү шаарларынын бири болгон Кундуз шаарын курчоого алып, өкмөттүк күчтөрдүн чыгып кетишин талап кылышууда.

Акыркы кезде аталган кыймыл тездик менен аймагын кеңейтүүгө өттү. Анын бирден-бир себеби өлкөдөн АКШнын аскердик күчтөрүнүн чыгып кетиши. Өкмөттүк күчтөр “талибандарга” аймактарын бошотуп берүүгө аргасыз болушууда.

media-centr.kg