Домой Аналитика Реформа партиясы Жеңиш Молдокматовдун камалышын өлкөдөгү сөз эркиндигин басынтууга багытталган саясий репрессия...

Реформа партиясы Жеңиш Молдокматовдун камалышын өлкөдөгү сөз эркиндигин басынтууга багытталган саясий репрессия деп эсептейт

81

Реформа партиясы Жеңиш Молдокматовдун камалышын өлкөдөгү сөз эркиндигин басынтууга жана саясий плюрализмди чектөөгө багытталган саясий репрессия деп эсептейт.

Мындай аракеттер саясий оппоненттерди коркутуп, азыркы бийликке оппозицияны алсыратуу аракети деп билебиз.
5-6-октябрь күндөрү имараттарды басып алды деп укук коргоо органдары тарабынан Молдокматовго коюлган айыптар акылга сыйбайт, анткени бул стихиялык башаламандыктарга он миңдеген жарандар, көптөгөн саясий партиялар жана саясатчылар, анын ичинде мамлекеттин учурдагы лидерлери катышкан.

Жеңиш Молдокматовду тандап куугунтуктоо анын оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейбиз.

Бирок, саясий эркиндикти күч менен басынтуу аракеттери коомду коркутуп-үркүтүүгө жөндөмсүз, тескерисинче, режимдин кулашына алып келээрин биздин тарых көрсөттү.

Реформа партиясы Жеңиш Молдокматовду тезинен бошотууну жана оппоненттерине жана бийликтин сынчыларына кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылууда!